Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Халмион айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү туралуу» токтому
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезексиз отуз тогузунчу сессиясы
2021-жылдын 25-марты № 128 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү туралуу
Халмион айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындар ары -КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк акыларын убагында төлөө туралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Халмион айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен токтом кылат;
1. Халмион айылдык кеңеши жана Халмион айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Халмион айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттенрин камтыган келишимди иштеп чыгып, кол коюуу жагы тапшырылсын.
3. Халмион айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде , КР ЖӨБ Союзунун мүчө болгодуктан анын уставын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджетин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.
4. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүу жагы Халмион айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Г. Матжиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force