Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
For example:
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Типтүү Регламенти
Чолпон-Ата шаардык кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын 2019-жылдын 26- декабрындагы №29/23-5 токтому менен бекитилди
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Типтүү Регламенти
I Бөлүм. Жалпы жоболор
II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары
III Бөлүм. Пландоо
IV Бөлүм. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү
VБөлүм. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө
VII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
VIII Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтери
IX Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарынын Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди ишке ашыруу боюнча мэриянын иштерин уюштуруунун тартибин аныктайт.
1.2. Регламент «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин тектешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нукскамага, Чолпон-Ата шаарындагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын «26 » июнундагы 2014-жылы № 28/12-7 токтому менен бекитилген жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык даярдалган.
1.3. Ушул Регламент шаардык мэриянын иштерин пландоого жана уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды жөндөөчү негизги принциптерди жана эрежелерди, шаардык мэриянын документтер менен иштөө тартибин карайт, жарандардын кайрылууларын кароонун, шаардык мэриянын, шаардык кеңештин карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун тартибин жана шаардык мэриянын
ишине тийиштүү жана башка маселелерди жөндөйт.
1.4. Мэрияга жүктөлгөн милдеттерди чечүү мэриянын аппаратынын, анын түзүмдөрүнүн, аймактык бөлүмдөрүнүн иштери, шаардык мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын иштеринин натыйжалары менен, ошондой эле шаардык кеңеш, тийиштүү мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү аркылуу, жергиликтүү жамааттарды жана алардын бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүзөгө ашырууга түздөн-түз тартылуулары жана катышуулары аркылуу камсыз кылынат.
2-глава. Мэриянын ишинин жалпы принциптери
Мэриянын иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
2)жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
3) муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана демилгелүүлүгү;
4) өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруу жана өзүнүн ишинин натыйжалары үчүн жерлигиктүү жамаат алдында жоопкерчилиги;
5) ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу;
6) тартип жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик;
7) жетекчи алмашканда компетенттүү кадрларды тандоодо жана сактоодо ырааттуу улануучулук.
3-глава. Мэриянын штаттык саны
3.1. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаттык саны Чолпон-Ата шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
Түзүмү: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Штаттык саны: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын типтүү түзүмдөрүнүн жана штаттык сандарын бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомунун негизинде белгиленген.
3.2. Чолпон-Ата шаарынын мэри мэриянын алдында турган милдеттерди толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу үчүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктуулактарына жараша, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча мэриянын милдеттенмелерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мэриянын алдында муниципалдык түзүмдөрдү түзөт жана алардын кызмат орундарынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт.
3.3. Конкреттүү кызмат орду боюнча кызмат орундук милдеттер жергиликтүү маанидеги бир жана андан көп маселелер боюнча мэриянын милдеттерин чечүү боюнча кызмат орундук милдеттерди камтышы мүмкүн, же болбосо жергиликтүү маанидеги бир маселе боюнча мэриянын милдеттерин чечүү эки же андан көп кызмат орундарынын кызмат орундук милдетине кошулушу мүмкүн.
3.4. Чолпон-Ата шаардык мэриясы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна карата Типтүү квалификациялык талаптардын негизинде, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин, алардын штаттык ыраатамасында каралган ар бир административдик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгат жана бекитет.
3.5. Чолпон-Ата шаарынын мэри КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын Типтүү нускамасында каралган муниципалдык кызматкердин квалификациялык талаптарын, кызматкердин жекече сапаттарын, кызмат орундук милдеттерин камтыган муниципалдык кызматкерлердин кызмат орундарынын нускамасын бекитет.
II Бөлүм. Тикелей катышуу жана отчеттуулук формалары
4-глава. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга
тикелей катышууларынын формалары
4.1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тикелей катышуулары төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылат:
1) коомдук жана мамлекеттик жашоо-турмуштун жергиликтүү маанидеги бардык маанилүү маселелерин жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында) талкуулоо;
2) ченем чыгаруу демилгелерин көрсөтүү аркылуу жергиликтүү курултайларга катышуу;
3) коомдук (бюджеттик) угууларга жана мыйзамда тыюу салынбаган жана башка формаларда катышуу.
4.2. Чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, мониторингдик топтордун ишинин тартиби, ченем чыгаруу демилгелерин жүзөгө ашыруунун, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү жамааттын катышуусунун тартиби Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын «26 » июнундагы 2014-жылы № 28/12-7 токтому менен бекитилген Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы менен аныкталат.
5-глава. Мэриянын отчеттуулугу
5.1. Чолпон-Ата шаардык мэриясы өз иштеринде шаардык кеңешке отчет берет.
5.2. Чолпон-Ата шаарынын мэри шаардын аймактагындагы иштердин абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы тууралуу жарым жылда бир жолудан кем эмес, шаардык кеңештин алдында отчет берет.
5.3. Чолпон-Ата шаардык мэриясы ар жыл сайын аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет берет.
5.4. Чолпон-Ата шаардык мэриясы өзүнө мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча тешелүү мамлекеттик органдардын алдында отчет берет.
5.5. Чолпон-Ата шаарынын мэри мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын, же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
III Бөлүм. Пландоо
6-глава. Жергиликтүү жамаатты социалдык-эконимикалык
өнүктүрүү программасы
6.1. Чолпон-Ата шаарынын мэри жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эске алуу менен иштеп чыгылган жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун шаардык кеңештин бекитүүсүнө берет, ал кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Мэрия социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорлорун бекиткенге чейин аны талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.
6.2. Зарыл болгондо, жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына, мыйзамда белгиленген тартипте, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
6.3. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы – бул мэрия тарабынан белгилүү мезгилге пландалган аймакты жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларынын, ошондой эле ресурстук камсыз кылуунун булактарын жана көлөмдөрүн, жана конкреттүү өлчөнүүчү индикаторлордон көрүнгөн күтүлгөн натыйжаларды көрсөтүү менен, көрсөтүлгөн чараларды аткаруу каражаттарынын комплекстүү тутуму.
6.4. Программа жергиликтүү бюджеттин акчалай каражаттарын башкаруу үчүн негиз катары кызмат кылат, алдыда турган мезгилге фискалдык саясаттын негиздерин аныктайт жана мэрия жана шаардык кеңешке жергиликтүү бюджеттин болочоктогу чыгымдарынын багыттарын калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.
6.5. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолун эсепке алуу менен социалдык-экономикалык божомолдоону;
2) жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн эсепке алуу менен жана ушул максаттарга жетүүнүн индикаторлорун көрсөтүү менен, айылдык аймактын жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү максаттарын;
3) айылдык аймакты жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү, анын ичинде жергиликтүү жамаатты кабарландыруу максаттарына жетишүү үчүн иш-аракеттердин жылдык планын;
4) бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы ресурстарды кошуп алганда, ресурстук курамды;
5) айылдык аймакты жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү максаттарынын жетишүүнүн мониторингинин жана баалоонун планын;
6) калктын катышуусу менен жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу керектөөлөрүн аныктоонун натыйжаларын.
6.6. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү божомолу өзгөрүлгөн учурда, өнүктүрүү программасы жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүү, кароо, бекитүү жана аларга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгымдардын божомолдору такталууга жатат.
7-глава. Мэриянын ишин пландоо
7.1.Мэриянын ишин пландоо мэрияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча уюштуруучулук камсыз кылуунун негизги каражаттарынын бири болуп саналат.
7.2. Мэрия өзүнүн ишин кийинки жылга иштеп чыгылган жумуштардын планына ылайык уюштурат.
7.3. Мэриянын иш планы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн, төмөнкү бекитилген документтердин негизинде түзүлөт:
1) жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын;
2) мамлекеттик жана муниципалдык тармактык программалардын, өнүктүрүү стратегияларынын жана пландарынын;
3) жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин пландарынын;
4) жергиликтүү кеңештин алдыда турган жылга иш планынын.
7.4. Мэрияга жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу максатында, айыл өкмөтүнүн иш планы алдыда турган жылга бюджеттин долбоору жана кийинки жылдарга болжолу менен өз ара байланышта, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын эсепке алуу менен иштелип чыгат.
7.5. Мэриянын иш планы шаардын мэри тарабынан алдыда турган жыл башталганга чейин 20 жумушчу күн калгандан кечиктирилбестен бекитилет.
7.6. Иш планынын алдыда турган жыл башталганга чейин бекитилиши жыл ичинде ага иш планына кошулбай калган кошумча маселелерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
7.7. Бекитилген иш планы 10 календардык күндүн ичинде мэриянын расмий веб-сайтына жарыяланууга жатат. Мэриянын расмий веб-сайты болбогон учурда, иш планы шаардык кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнө жерлерде (доскларда, маалымат такталарында), же белгиленген тартипте каттоодон өткөн, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, шаардык кеңеш тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларда жарыяланат.
8-глава. Муниципалдык кызматкердин ишин пландоо жана
анын ишмердигин баалоо
8.1. Мэриянын иш планына ылайык, мэриянын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматкерлердин (мындан ары – кызматкер) кварталдык иш пландары түзүлөт.
8.2. Кызматкердин иш планы ар бир квартал сайын түздөн-түз жетекчиси биргеликте түзүлөт жана алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аппарат жетекчиси жана шаардын вице мэри тарабынан бекитилет.
8.3. Кызматкердин кварталдык иш планын түзүүнүн, бекитүүнүн, отчет берүүсүнүн, баалоонун тартиби, жылдык баалоону жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле кызматкер кварталдык же жылдык баалоо менен макул болбогондо апелляциялык коммиссияга даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин иштерин баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат.
8.4. Кызматкерлердин кварталдык иш пландарды аткарууларын жалпы көзөмөлдөө алардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык, түздөн-түз жетекчилерине, аппарат жетекчисине жана шаардын вице мэрине жүктөлөт, алар кызматкерлердин кварталдык иш пландарды аткарууларынын жүрүшү жөнүндө шаардын мэрин мезгил-мезгили менен кабарландырып турушат.
8.5. Шаардын өсүп-өнүгүшүнө, шаардын элинин жакшы жашоосуна шарт түзүү максатында мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, элдин жашоо – турмушунун маанилүү маселелерин чечүү жана укук тартибин, коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча коллегиялдуу жана кеңеш берүүчү орган, коллегиялык кеңеш түзүлгөн. Коллегиялык кеңештин жеке курамын шаардын мэри бекитет.
8.6.Коллегиялык кеңештин курамына мэр, вице-мэр жана мэр тарабынан аныкталуучу жана бекитилүүчү мамлекеттик органдарынын башка кызмат адамдары кирет. Коллегиялык кеңештин чечими сунуштама мүнөздө болот.Шаардын мэри отурумдарды алып барат.
8.7.Шаардын мэринин коллегиялык кеңештин отурумдары бекитилген планга ылайык, квартал сайын өткөрүлөт. Шаардын мэринин коллегиясынын отурумдарындагы маселелерди кароо квартал сайын пландаштырылат.
8.8.Коллегиялык кеңештин отурумдарына коюлган маселелер алдын ала ар бир бөлүм тарабынан маселелер кароо мөөнөттөрү, жооптуулары менен коюлуп, негизги маселелердин планына киргизилет.
8.9.Коллегиялык кеңештин отурумдарынын пландарынын долбоорлору мэрдин токтому менен бекитилет.
8.10.Бекитилген пландагы коюлган маселелерди өзгөртүү жооптуу бөлүм башчы тарабынан негиздүү себептер берилген учурда гана мэр же ал жокто вице мэрдин чечими менен гана жүргүзүлөт.
8.11. Коллегиялык кеңештин отурумдарына кошумча (пландан сырткары) коюлуучу маселелер мэрдин чечими аркылуу кабыл алынат.
8.12.Мэрдин коллегиялык кеңештин отурумдарына коюлган маселелерди өз убагында сапаттуу даярдоо жана өз убагында берүү бөлүмдөрүнүн башчыларынын, жооптуу кызматкерлеринин жеке жоопкерчилигинде болот.
8.13.Мэрдин коллегиялык кеңештин отурумдарына коюлган маселелер пландагы кароо мөөнөтүнө 5 күн калганга чейин берилет.
8.14.Кээ бир тез арада каралуучу коллегиялык кеңештин отурумуна кароонун кажети жок чечимдер ыкчам түрдө (сурамжылоо) кабыл алынат. Мындай учурда мэрдин чечимине вице- мэр, ошондой эле аппарат жетекчисинин визасы коюлуп, аткаруу комитетинин мүчөлөрү тарабынан виза коюу талап кылынбайт.
8.15.Мэриянын коллегиялык кеңештин отурумунун күн тартиби аппарат жетекчисинин жетекчилиги менен уюштурулат жана отурумга 5 күн калганда түзүлүп, мэрге тийиштүү иш кагаздары берилет.
8.16.Иш кагаздарын камсыздоо боюнча жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
материалдарды көбөйтүп, отурумга 3 күн калганда коллегиянын мүчөлөрүнө таратат. Отурумдун күн тартибинин жана материалдарынын долбоорлору электрондук байланыш аркылуу да жүргүзүлөт. Күн тартиби коллегиялык кеңештин отурумунда бекитилет.
8.17. Чолпон- Ата шаарынын мэриясынын коллегиялык кеңештин отурумуна муниципалдык мекемелердин башчылары жана каралып жаткан маселеге тиешелери бар башка мекемелердин жооптуу кызматкерлери чакырылат. Маселе койгон бөлүм чакыруучулардын отурумга катышууларын камсыздайт.
8.18.Коллегиялык кеңештин отурумуна каралып жаткан маселеге тиешеси бар аппараттын жооптуу кызматкерлери да катышат. Мэриянын аппаратынын бөлүм башчылары комитеттин отурумдарына милдеттүү түрдө катышышат. Иш- кагаздар менен иштөө бөлүмү коллегиялык кеңештин мүчөлөрүнүн, мекеме- уюмдардын бөлүм башчыларынын комитеттин отурумуна катышууларын камсыздайт.
8.19.Коллегиялык кеңештин отурумуна катышуучуларды каттоо иш кагаздарын камсыздоо боюнча бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
8.20.Мэриянын коллегиялык кеңештин отуруму мүчөлөрүнүн 3/2 бөлүгү катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.Отурумдагы каралуучу маселелер аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин милдеттүү түрдө катышуулары менен өткөрүлөт.
8.21. Мэриянын коллегиялык кеңештин отурумуна мэр төрагалык кылат, ал эми ал жок учурда вице- мэр же аппарат жетекчиси алып барат.
8.22. Коллегиялык кеңештин отурумдарында каралып жаткан маселеге жооптуу вице- мэр, аппараттын жооптуу кызматкерлери, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери же алардын милдетин аткаруучулары доклад кылат. Аткаруучу адамдар сүйлөшөт.
8.23. Коллегиялык кеңештин отурумдарындагы чечими аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушунун негизинде кабыл алынат. Ал эми добуштар тең болуп калган учурда чечүүчү добуш отурумдун төрагасында болот.
8.24. Коллегиялык кеңештин мүчөлөрүнүн каралып жаткан маселеге өзгөчө сунуштары отурумдун протоколдоруна киргизилүүсү керек.
8.25.Коллегиялык кеңештин отурумдарында баяндама үчүн 15 мүнөт, кошумча баяндамалар үчүн 10 мүнөттөн кем эмес мүнөткө чейин, жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин тегерегинде убакыт белгиленет. Бул учурда отурумдун төрагасынын чечими менен бекитилген убакыт узартылышы мүмкүн.
8.26.Коллегиялык кеңештин отурумунда каралып жаткан маселе боюнча коллегиялык кеңештин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жыйындын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
8.27.Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн отурумдарга катышуулары, алардын жыйындарга катышуусу жана кино-, видео- жана фото сүрөткө тартуу, үн жаздырүүчу аппараттарды колдонуулары Аппарат жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлөт.
Коллегиялык кеңештин отурумдарында кабыл алынган чечимдерди тариздөө
8.1.1.Коллегиялык кеңештин отурумундагы кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет, отурум өткөрүлгөндөн кийин үч иш күндөн кечиктирбестен тариздейт, ага жыйындын төрагасы кол коёт жана коллегиялык кеңештин мүчөлөрүнө, ошондой эле комитеттин отурума катышкан жана протоколдо аталган органдарга, уюмдарга жана башка адамдарга жиберилет.
8.1.2.Отурумдун кол коюлган протоколун жөнөтүү электрондук байланыш аркылуу да жүргүзүлөт.
8.1.3.Коллегиялык кеңеште каралган маселенин токтомунун долбоору да 3 күн ичинде таризделип, отурумду төрагасы тарабынан кол коюлуп, бекитилген тизмеге ылайык жөнөтүлөт.
8.1.4.Токтомдун долбоорун кайра иштеп чыгуу муктаждыгы болсо жана башка маселелерге карата айтылган сунуштардын, эскертүүлөрдүн негизинде аткаруу мөөнөтү 5 күнгө берилет. Кабыл алынган чечимдерди аткаруу мэриянын аппаратынын бөлүмдөрүнө тапшырылат.
IV Бөлүм. Мэриянын чечими жана иш кагаздарын жүргүзүү
9-глава. Мэриянын чечими
9.1. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча мэриянын чечимдери токтомдор жана тескемелер формасында кабыл алынат, алар эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, аларга шаардын мэри кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Мэриянын токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, Мэриянын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча шаардын мэри тарабынан кабыл алынуучу укуктук акт.
9.3. Мэриянын тескемеси – ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде шаардын мэри тарабынан кабыл алынуучу, уюштуруучулук-тескемелик мунөздөгү укуктук акт.
9.4. Шаардын мэри кол койгон актылар шаардын мэри тарабынан күчүн жоготту деп таанылышы, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн.
9.5. Анын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган мэриянын актылары шаардын аймактарында аткаруу үчүн милдеттүү.
10-глава. Иш кагаздарында мамлекеттик (расмий) тилди колдонуу
10.1. Мэриянын иш кагаздары мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүзөгө ашырылат. Эсептик-статистикалык, финансылык жана техникалык документтерди жүргүзүү мамлекеттик же расмий тилде камсыз кылынат. Шаардын мэри өзүнүн кызматчыларына мамлекеттик тилди окуп үйрөнүүлөрүү үчүн шарттарды түзөт.
10.2. Шаардын аймагындагы расмий иш чаралар: жергиликтүү курултайлар, жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар, мэриянын отурумдары жана кеңешмелери, сүйлөшүүлөр жана башка иш чаралар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт, зарыл болгондо жарыш котормо менен камсыз кылынат.
10.3. Жарандар мэрияга мамлекеттик, расмий тилдерде же Кыргыз Республикасынын элдеринин кандай болбосун башка тилинде кайрылууга укуктуу. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларына жооптор кайрылуулардын тилинде берилет. Кайрылуунун тилинде жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тили пайдаланылат.
10.4. Анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча мэриянын чечимдери (токтом, тескеме) мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурларда – расмий тилде кабыл алынат. Мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелет.
10.5. Мекемелер, уюмдар жана жарандар менен кат жазышуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурларда – расмий тилде жүргүзүлөт.
11-глава. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн жана мэриянын документтери менен иштөөнүн тартиби
11.1. Мэрия иш кагаздарын КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын жана ушул Регламенттин негизинде уюштурат жана жүргүзөт.
11.2. Мэрия иш кагаздары, штаттык ырааттамага ылайык, мэриянын катчы–иш кагаздарын жүргүзүүчүсү (мындан ары – иш кагаздарын жүргүзүүчү) тарабынан жүзөгө ашырылат.
11.3. Муниципалдык кызматкер алмашканда, мэриянын документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана документтер кызматты укуктуу улантуучуга акты боюнча өткөрүлүп берилет. Документтердин жетпей калуусу табылган учурда, аларды издеп табуу чаралары көрүлөт.
11.4. Кирген документтерди иштеп чыгуу:
11.4.1. Келип түшкөн бардык документтер аларга индекс (документтин датасын жана номурун) коюу жолу менен каттоого алынат. Каттоого алуу документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган тутуму аркылуу (мындан ары – ДАКАТ), автоматташтырылгын тутум болбогон учурда каттоо журналына киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
11.4.2. Кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылган документтер, ыкчам каттоого алынат жана компетенцияларына жараша шаардын мэрине жана шаардык кеңештин төрагасына, алар болбогон учурда, вице-мэр же аппарат жетекчиге баяндалат. Шашылыш учурларда, жетекчилик болбогондо, токтоосуз каралууга тийиш болгон документтер, аткаруучуларга берилиши мүмкүн, андан кийин алар жөнүндө жетекчиликке билдирилет.
11.4.3. Токтоосуз кароону талап кылбаган документтер, алдын ала каралгандан жана каттоого алынгандан кийин, катталган эле күнү резолюция коюу үчүн жетекчиликке жиберилет.
11.4.4. Жетекчилик аткаруучуну (маселе боюнча аткаруучуларды) дайындайт, иш чараларды белгилейт жана аларды аткаруунун көзөмөлдүк мөөнөттөрүн көрсөтөт.
11.4.5.Тапшырма кызмат орундары боюнча тең, эки же бир нече кызматчыларга берилген учурларда, тапшырмада биринчи көрсөтүлгөн адам негизги аткаруучу болуп саналат. Ага чогуу аткаруучуларды чакыруу жана алардын иштерин координациялоо укугу берилет.
11.5. Чыккан документтерди иштеп чыгуу:
11.5.1. Чыккандар – мэриянын чектеринде түзүлгөн жана андан кайрылууларды жиберишкен башка мекемелерге же жеке адамдарга жиберилген документтер.
11.5.2. Аткаруучунун документти кароосунун натыйжалары боюнча жооптун же корутундунун долбоору даярдалат, ал мэриянын аппаратынын тийиштүү бөлүмүнүн жетекчиси же болбосо шаардын мэри, вице мэри жана аппарат жетекчиси менен макулдашылат. Мэриянын документтеринин жоопторуна шаардын мэри, ал жок болгон учурда вице мэри,аппарат жетекчиси кол коёт.
11.5.3. Аткарылган документтер иш кагаздарын жүргүзүүчүгө өткөрүп берилет. Документтер жетекчилик кол койгон жооптун негизинде аткарылган болуп эсептелет жана көктөмөгө тигилет.
11.5.4. Чыккан документтерди иштеп чыгууда иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага ылайык, документтин долбоорунун жол-жоболонушунун тууралыгын текшерүү;
- ырастоочу маалым-даректердин болгонун текшерүү;
- чыгуучу каттоо индекстерин коюу;
- жөнөтүү үчүн документти иштеп чыгуу.
11.5.5. Чыгуучу корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн иш кагаздарын жүргүзүүчү толук жол-жоболоштурулган жана кол коюлган документтер, көктөмөгө милдеттүү нусканы тигүүнү жана аткаруучу көрсөткөн даректерге жөнөтүүнү камсыз кылуучу нускалардын санында гана кабыл алынат.
11.5.6. Мэриядан чыгуучу бардык документтер, аткаруучудан даяр документ келип түшкөн күнү же кийинки жумушчу күнүнүн биринчи жарымынан кечиктирилбестен, иштелип чыгылышы жана жөнөтүлүшү керек. Айрым учурларда документ даректелгенге (документти алган адамдын тийешелүү белгиси жана колтамгасы менен) колмо-кол жеткирилиши мүмкүн.
11.5.7. Мэриянын иш кагаздарын жүргүзүүчүсүндө калган документтердин бардык нускалары кызмат адамдарынын анык кол тамгаларын, зарыл болгондо макулдашуу визаларын камтышы керек.
11.6. Документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу:
11.6.1. Белгилүү чечимдердин кабыл алынышын, аткарылышын жана аларга жооптордун жазылышын талап кылган кыйла маанилүү документтердин аткарылышы көзөмөлгө алынууга жатат.
11.6.2. Эгерде жетекчиликтин резолюциясында “шашылыш” деп көрсөтүлсө, документ үч жумушчу күндүн ичинде аткарылууга жатат. “Абдан шашылыш” деген көрсөтмөнү камтыган тапшырма эки жумушчу күндүн ичинде аткарылуусу тийиш.
11.6.3. Документтер документтин текстинде же жетекчиликтин резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аткарылат. Жарандардын кайрылууларын кошпогондо, чечимди же жоопту талап кылган, мөөнөттөрү белгиленбеген документтер отуз күндүн ичинде аткарылат. Жарандардын кайрылууларына жооптор 14 жумушчу күндүн ичинде, зарыл болгондо кошумча мөөнөткө узартуу менен берилет.
11.6.4. Эгерде ал боюнча чечим кабыл алынса, зарыл болгон маалымат берилсе, даректелгенге жооп берилсе же аткарылганы тууралуу маалымдама даярдалса, документ аткарылган болуп саналат жана шаардын мэринин көзөмөлдөн алуу жөнүндө резолюциясы менен көзөмөлдөн алынат.
11.6.5. Аткарылган документ бардык тиркелген материалдар менен, көзөмөлдөн алуу жөнүндө жетекчиликтин резолюциясы же “көктөмөгө” деген визасы менен иш кагаздарын учурдагы архивдештирүүгө өткөрүлүп берилет.
11.6.6. Шаардын мэрине, вице мэрине, аппарат жетекчисине иш кагаздарын жүргүзүүчү адиси муниципалдык кызматкерлердин документтер, каттар жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө аткаруучулук тартипти бузуу фактылары боюнча баяндамалык кызматтык билдирүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
11.6.7. Көктөмөлөрдүн номенклатурасын түзүү, көктөмөлөрдү калыптандыруу жана аларды сактоо, архивге өткөрүп берүү КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген КР Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага ылайык жүзөгө ашырылат.
12-глава. Мэриянын документтери менен иштөөнүн тартиби
12.1. Мэриянын аппарат жетекчиси (же иш кагаздарын жүргүзүүчү адиси) төмөнкүдөй каттоого алууну жүргүзөт:
- мэриянын токтомдорун, тескемелерин каттоо журналында – мэриянын токтомдорун, тескемелерин;
- мэриянын комиссияларынын корутундуларын, чечимдерин жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын;
Мэриянын мекемелерге, уюмдарга суроо-талаптары, ошондой эле мэриянын аппарат адистерине даректелген жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары жөнөтүлгөн же алынган күнү автоматташтырылган программасы аркылуу каттоого алынат.
12.2. Мэриянын токтому күчүнө кирген күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле мэриянын тескемеси каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн аппарат жетекчи же актыда көрсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, уюмдарга же мекемелерге жөнөтүлөт.
12.3. Таандыктуулугу боюнча мэриянын токтомдору, тескемелери аткаруу үчүн жиберилген аткаруучулар, алардын актынын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылышат.
12.4. Мэриянын актылары көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.
12.5. Тийиштүү тапшырмаларды же суроо-талаптарды караган мэриянын комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, каттоого алынган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн мэрияга же таандыктуулугу боюнча тийиштүү мамлекеттик, органдарга, муниципалдык ишкана-мекемелерге же уюмдарга жиберилет.
12.6. Мэриянын комиссияларынын корутундулары, чечимдери жана кайрылуулары таандыктуулугу боюнча аткаруу үчүн жөнөтүлгөн аткаруучулар 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен же корутундуда, чечимде жана кайрылууда белгиленген мөөнөттөрдө алардын аткарылышын камсыз кылышат.
12.7. Мэриянын комиссияларынын корутундусунда, чечиминде же кайрылуусунда көрсөтүлгөн тапшырмалар же суроо-талаптар көрсөтүлгөн мөөнөттө жарым-жартылай аткарылган же аткарылбаган учурда, жооптуу аткаруучу тарабынан аралыктык маалымат же документти аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө негиздемеси менен кат даярдалат.
12.8. Мэриянын суроо-талаптары каттоого алынгандан кийин токтоосуз мэрге жөнөтүлөт, андан кийин мэрдин резолюциясына ылайык, 2 жумушчу күндүн ичинде аппарат жетекчиси же иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси тарабынан тийиштүү уюмдарга, мекемелерге же кызмат адамдарына жөнөтүлөт.
12.9. Суроо-талап жиберилген уюмдар, мекемелер же кызмат адамы, эгерде суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен ага жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка жооп мэриянын аппараттык жыйынында каралат.
13-глава. Мэриянын токтомдорун каттоо жана
жарыялоо (күчүнө кирүү) тартиби
13.1. Мэриянын аппарат жетекчиси, мэриянын токтому кабыл алынган маселе боюнча аткаруучу менен бирдикте, ал кабыл алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде аны жол-жоболоштурат.
13.2. Грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, документти жол-жоболоштурууда ага түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Мэрияда кабыл алынган токтомдун мазмундук бөлүгүнө оңдоолорду киргизген адамдар, документти бурмалашкандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
13.3. Шаардын мэри тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укуксуз жана ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ага кол коёт.
13.4. Мэриянын токтомдорун каттоого алууну токтомдорун каттоочу журналга төмөнкү дайын-даректерди көрсөтүү менен жазууларды киргизүү аркылуу мэриянын аппарат жетекчиси жүзөгө ашырат:
1) актынын түрүнө көрсөтмөнү;
2) ушул токтомдун жөнгө салуучу предметин белгилөөчү аталышын;
3) кабыл алынган жерин жана датасын;
4) каттоо номурун.
13.5. Мэриянын токтомдору күчүнө кириши үчүн шаардык кенеш тарабынан бекитилгенден кийин төмөнкүлөрдө расмий жарыялануусу тийиш:
1) шаардын, райондун облустун аймактарында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен шаардык кеңештин өзү тарабынан аныкталуучу тийиштүү басылмаларда;
2) тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайттарында;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимиаттын) расмий веб-сайттарында;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн расмий веб-сайттарында;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий веб-сайтында.
13.6. Мэриянын токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик жана\же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, токтомдорду толук эмес баяндамада жарыялоого жол берилбейт.
13.7. Акт жайгаштырылган басылманын жарыкка чыккан күнү, же токтом расмий веб-сайтка жайгаштырылган күн айылдык кеңештин токтомунун расмий жарыяланган датасы болуп эсептелет.
13.8. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жеке ишкердикти жөнгө салуучу токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
13.9. Мэриянын токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, шаардык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кошуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана\же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен жөнөтүлөт.
13.10. Мамлекеттик тилде гана кабыл алынган мэриянын токтомунун көчүрмөсү, расмий жарыяланган күнү, шаардык кенештин жооптуу катчысы тарабынан Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, кагаз алып жүрүүчүдө жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын жана мэриянын токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алуунун жол берилгендиги жөнүндө шаардык кеңештин тийиштүү чечимин көрсөтүү менен жөнөтүлөт.
13.11. Мэриянын токтомунун көчүрмөсү күчүнө киргенден кийин элге жарыялоо жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири кабарландырууну камсыз кылуу үчүн маалыматтык кереге такталарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтында милдеттүү түрдө жарыялануусу тийиш.
V Бөлүм. Мэриянын комиссиялары, кеңешмелер жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби
14-глава. Мэриянын алдындагы туруктуу (жумушчу) комиссиялар
жана башка комиссиялар
14.1. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, мэриянын алдында туруктуу жана жумушчу комиссияларды уюштурат.
14.2. Мэриянын туруктуу жана жумушчу комиссияларынын иш-милдеттери жана милдеттери, шаардын мэри же болбосо тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген бул комиссиялар тууралуу жоболордо аныкталат.
14.3. Туруктуу жана жумушчу комиссиялардын ишин уюштуруу жана координациялоо, алардын арасында милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык шаардын мэри же вице мэр жана аппарат жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
14.4. Туруктуу жана жумушчу комиссиялардын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, коюлган маселелерди кароонун натыйжалары боюнча чечимдер же корутундулар кабыл алынат.
14.5. Туруктуу жана жумушчу комиссиялардын отурумдары, эгерде убактылуу же туруктуу комиссиялардын жоболорунун өзүндө же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, комиссиялардын курамынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү болгондо өткөрүлөт.
14.6. Туруктуу жана жумушчу комиссиялардын протоколдорунан, чечимдеринен, корутундуларынан жазма көчүрмөлөр кызыкдар адамдарга берилет.
14.7. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын жумуштарына катышуу үчүн жиберет.
15-глава. Мэриянын кеңешмеси
15.1. Шаардын мэринин же болбосо вице мэрдин демилгеси боюнча жумушчу кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн. Кеңешмени өткөрүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле кеңешменин күн тартиби, кеңешменин демилгечиси болгон адам тарабынан аныкталат.
15.2. Шаардын мэри пландуу жана пландан тышкары кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу.
15.3. Пландуу кеңешмелер белгиленген мезгилдүүлүк менен, ошол эле бир убакта, кызматкерлердин белгилүү курамы менен, төмөнкүдөй туруктуу күн тартиби менен өткөрүлөт: мезгилдин жыйынтыктары, жасалган жумуштардын натыйжалары жөнүндө угуу, учурдагы иштер жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, алдыда турган мезгилге милдеттерди аныктоо, ресурстарды жана тапшырмаларды болуштүрүү, өз ара аракеттенүүлөрдү макулдашуу жана башкалар.
15.4. Пландан тышкаркы кеңешмелер алдын ала болжоо мүмкүн эмес, өзгөчө жана башка кийинкиге калтырууга болбогон кырдаалдар пайда болгон учурда өткөрүлөт.
15.5. Кеңешмеде шаардын мэри, ал эми ал болбогондо шаардын вице мэри, же аппарат жетекчи төрагалык кылат.
15.6. Кеңешмеге мэриянын бардык кызматкерлери, зарыл болгондо мэриянын башка кызматчылары дагы катышышат. Мэриянын бардык кызматкерлеринин жана кызматчыларынын катышуулары зарыл болбогондо, кеңешмеге мэриянын айрым кызматкерлери гана чакырылат, алардын тизмеги кеңешменин демилгечиси катары чыккан адам тарабынан аныкталат.
Зарыл болгон учурда кеңешмеге каралып жаткан маселелерге карата түздөн-түз тийиштиги бар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери (өкүлдөрү) жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
15.7. Кеңешмелерди өткөрүү аркылуу төмөнкү милдеттер чечилет:
1) шаардын мэринин, шаардык кеңештин, башка мамлекеттик органдардын жогору турган кызмат адамдарынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын, ошондой эле пландуу иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө;
2) жыйынтыктарды чыгаруу, кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышынын деңгээлин жана сапатын баалоо, аткаруучулук тартибин сактоо;
3) маалыматтарды жыйноо жана алмашуу, конкреттүү көйгөй боюнча маалыматтарды жалпылоо, аларга карата катышуучулардын жана аткаруучулардын көз караштарын билүү;
4) иштердин абалы жөнүндө, кызматкерлердин тапшырмаларды жана кварталдык иш пландарды аткаруу процесси жөнүндө учурдагы маалыматтарды ыкчам алуу;
5) ыкчам чечимдерди кабыл алуу жана аткаруучуларга жаңы милдеттерди коюу;
6) алардын маалыматтуулугун жана квалификациясын жогорулатуу максатында, алардын алдына коюлган милдеттер боюнча аткаруучулар үчүн түшүндүрүү (нускамалык, тааныштыруу) жумуштарын жүргүзүү;
7) бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенишүүлөрүн координациялоо, камсыз кылуу;
8) талкуулоо, жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөө;
9) мэриянын учурдагы иштерине түзөтүүлөрдү киргизүү, жумуш процессин өркүндөтүү.
15.8. Мэриянын кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер жана тапшырмалар протоколго киргизилет, зарыл болгондо тийиштүү укукту актылар менен жол-жоболоштурулат. Актылар жана протоколдор аппарат жетекчи же аппараттын ыйгарым укук берилген кызматчысы тарабынан даярдалат, жана кеңешме өткөрүлгөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен шаардын мэрине же төрагалык кылуучуга кол коюуга киргизилет. Актынын жана\же протоколдун көчүрмөсү же андан жазма көчүрмө конкреттүү тапшырмалар жана аткаруу мөөнөттөрү менен, төрагалык кылуучу бекиткенден кийин аткаруучуларга 2 жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
16-глава. Мэриянын кеңешмелеринин, мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарынын протоколдору
16.1. Мэриянын кеңешмелеринин, мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын, жумушчу топтордун отурумдарынын протоколу жазып алуулардын, чыгып сүйлөөлөрдүн берилген тезисттеринин, маалымдамалардын, кеңшмелердин, отурумдардын убагында чыгарылган корутундулардын жана чечимдердин (токтомдордун, тескемелердин) долбоорлорунун негизинде түзүлөт.
16.2. Протоколдордун көчүрмөлөрү зарыл болгондо, таратып жөнөтүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык кызыкдар мекемелерге жана кызмат адамдарына таратылып жөнүлөт. Көрсөтмөнү бөлүмдүн маселени кароого даярдаган жооптуу аткаруучусу түзөт жана кол коёт. Протоколдордун көчүрмөлөрү мөөр күбөлөндүрүлөт.
16.3. Кабыл алынган чечимдер, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, протоколдордон жазма көчүрмөлөр түрүндө аткаруучуларга жеткирилет.
16.4. Кеңешмелерде, отурумдарда кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу аткаруучулар тарабынан камсыз кылынат жана баяндалат.
16.5. Протокол мамлекеттик же расмий тилде жол-жоболонот.
16.6. Протоколдорду жол-жоболоонун түрлөрү, формалары жана тартиби КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын 31-36-пункттарында келтирилген.
17-глава. Мэриянын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоонун тартиби
17.1 Мэриянын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
17.2. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китепби жана анда каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 398 токтому менен бекитилген форма боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.
17.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы мэриянын ишин текшерүү жүзөгө ашырылганга чейин, мэриянын аппарат жетекчисинде же ыйгарым укук берилген кызматчыда (иш кагаздарын жүргүзүүчүдө) туруучу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.
17.4. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын;
2) текшерүүлөрдү жүргүзүү башталган жана аяктаган датаны;
3) текшерүүнүн негизин жана предметин;
4) текшерүүнү жүзөгө ашыруучу адамдын (адамдардын) кызмат ордун, фамилиясын, атын жана атасынын атын;
5) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн убагында алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, жазма көчүрмөлөрүнүн аталыштарынын тизмегин.
17.5. Текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине каттоосуз мэриянын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Мэриядан текшерүүлөрдү эсепке алуу китебин алып коюуга тыюу салынат. Зарыл болгондо, мэрия текшерүүлөрдү эсепке алуу китебинен күбөлөндүрүлгөн жаза көчүрмөлөрдү берүүсү мумкүн.
17.6. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык пландуу, пландан тышкаркы, көзөмөлдүк текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга тизмеги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 токтому менен бекитилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укугу бар.
VI Бөлүм. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө
18-глава. Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
18.1. Жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын мэриянын дарегине келип түшкөн кайрылуулары (сунуштары, арыздары, даттануулары) жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө жооптор каттоого алынуусу тийиш.
18.2. Жарандардын кайрылууларын каттоого алуу автордун алфавитинин биринчи тамгасы жана катар номуру менен жол-жоболоштурулат жана жооп берүүдө ушул эле номур каттын чыгуу номуруна ыйгарылат.
18.3. Каттоого алынган кат резолюциянын формасы менен, шаардын мэрине кароо жана аткаруучусун аныктоо үчүн берилет.
18.4. Катты кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган учурда, координациялоону резолюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. Ошол эле катты кароонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды топтойт жана биротоло акыркы жоопту даярдайт, ал аны кароого катышкан бардык аткаруучулар тарабынан визаланат.
18.5. Кат жүзүндөгү кайрылуу аны каттоого алган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде каралат.
18.6. Эгерде жарандардын кайрылуусу боюнча маселени чечиш үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) өткөрүү зарыл болсо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча материалдар талап кылынса, жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрү, өзгөчөлүктүү тартипте мэрия тарабынан арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү менен, 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн.
18.7. Жарандардын кайрылууларын аткаруунун мөөнөттөрү боюнча кабыл алуу, каттоо жана көзөмөлдөө иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
18.8. Эгерде алар каралган, аларда коюлган маселелер боюнча зарыл чаралар кабыл алынган жана жарандарга белгиленген мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө жооптор берилген учурда, жазуу жүзүндөгү кайрылуулар чечилген болуп эсептелет.
18.9. Жамааттык кайрылууга жооп, эгерде тексте башкача эскертилбесе, кайрылууда биринчи болуп көрсөтүлгөн жарандын дареги боюнча жөнөтүлөт.
18.10. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө аяктагандан кийин жооптун түп нускасы кайрылуунун авторуна жөнөтүлөт, жооптун көчүрмөсү иш кагаздарын жүргүзүүчүдө калат, зарыл болгондо жооптун бир көчүрмөсү аткаруучуда сакталышы мүмкүн.
18.11. Календардык жылдын ичинде, автор баягы бир эле маселени кайра-кайра козгогон каттар, адегендеги кайрылуунун номуру алдында каттоого алынат жана “кайра кайталоо” деген белги менен маалыматтардын базасына киргизилет.
18.12. Жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электордук), эгерде алар боюнча толук материалдар болсо жана жарандарга мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жооптор берилсе, кароого жатпайт, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет. Кайталанган кайрылууларды окуп үйрөнүүдө аларга мурунку кайрылууларды кароонун материалдары кошулуп тиркелет.
18.13. Эгерде кайрылуунун текстин окууга болбосо, анда ушул кайрылууну кароочу адам, арыз берүүчүнү (эгерде арыз берүүчүнүн фамилиясын жана почта дарегин окууга мүмкүн болсо), кайрылуунун маңызын жана жүйөөлөрүн тактоо жана ачык түшүнүү үчүн чакырат. Эгерде кайрылууну кароочу адам арыз берүүчү менен байланыша албаса, кайрылууну андан ары кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирилет.
18.14. Жарандын ал боюнча жооп жөнөтүлүшү керек болгон фамилиясы жана почта дареги (жашаган жери) көрсөтүлбөгөн анын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт.
18.15. Соттук чечимге даттанылган кайрылуу, ошол соттук чечимге даттануунун тартибин түшүндүрүү менен, даттанууну жөнөткөн жаранга кайтарылып берилет.
18.16. Календардык жыл аяктагандан кийин, иш кагаздарын жүргүзүүчүдө турган каттардын бардык матераилдары көктөмгө бириктирилет жана архивдик сактоого өткөрүлүп берилет, анда алар 3 жыл боюу сакталат.
18.17. Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын материалдары жана жарандардын арыздары жана кайрылуулары боюнча жооптор, архивден иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан, алардын суроо-талаптары боюнча берилет.
18.18. Жарандардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароонун белгиленген тартибин бузуулар, ошондой эле кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды беришкенине байланыштуу жарандарды кугунтуктоолор күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартууга алып келет.
19-глава. Жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү
19.1. Мэриянын расмий электрондук даректерине (расмий сайт, почта) келип түшкөн электрондук кайрылуулар иш кагаздарын жүргүзүүчү тарабынан каттоого алынууга жатат. Жарандардын келип түшкөн кайрылуулар алар каттоого алынган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.
19.2. Ушул Регламенттин 18.7.-пунктунда каралган учурларда, электрондук кайрылууларды кароонун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн көпкө эмес. Бул тууралуу чечим шаардын мэри тарабынан кабыл алынат жана арыз берүүчүгө жазуу (электрондук) формада билдирилет.
19.3. Жаран өзүнүн электрондук кайрылуусунда милдеттүү түрдө электрондук кайрылуу жиберилип жаткан мэриянын аталышын, же болбосо шаардын мэринин атын (болгондо), байланыш телефонун (үйүнүн, уюктук же жумушчу), жашап турган жеринин адресин көрсөтөт, кайрылуунун маңызын баяндайт.
19.4. Электрондук кайрылууга көчүрмөлөрдү, анын ичинде электрондук документтердин сканирленген көчүрмөлөрүн, электрондук файлдар (электрондук документтер, фото жана көрмө материалдар) жайгаштырылган Интернет желесиндеги дарактерди тиркөөгө жол берилет.
19.5. Электрондук кайрылууну алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруучу жаранга келип түшкөн датасын жана убактысын, ыйгарылган кирме номурун жана тийиштүү маалымдама телефондорду көрсөтүү менен анын кайрылуусу кароого кабыл алынганы жөнүндө же баш тартуунун негиздемеси менен кароодон баш тартылганы тууралуу электрондук билдирүү-кабарлама жөнөтөт. Андан ары электрондук кайрылуу басылып алынат, жана аны менен андан ары иштөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
19.6. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө, электрондук кайрылууну алган аткаруучу, электрондук кат алышуу жолу менен же кайрылууда көрсөтүлгөн телефон боюнча кайрылуунун маңызын тактоого укуктуу.
19.7. Электрондук жооптон тышкары аткаруучу ошондой эле жаранга жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт.
(Эскертүү: Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу үчүн мэрия Интернет желесинде өзүнүн электрондук почтасынын расмий дарегин каттоодон өткөрөт. Мэриянын электрондук дареги алардын расмий сайтына, ал эми ал жок болгондо – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылат).
20-глава. Жарандарды жекече кабыл алуу
20.1. Шаардын мэри жана кайрылуулардын маңызы боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктары бар мэриянын аппаратынын кызматкерлери бекитилген графикке ылайык жарандарды жекече кабыл алууну жүргүзүшөт.
20.2. Жарандарды кабыл алуунун графиги мэриянын расмий сайтына жарыяланат жана\же мэриянын маалыматтык кереге такталарында жайгаштырылат, ошондой шаардын мэринин жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына илинет.
20.3. Жарандарды жекече кабыл алууда, эгерде оозеки кайрылууда баяндалган маселе жекече кабыл алуу убагында чечилиши мүмкүн болбосо, кайрылуу жаран тарабынан жазуу (же электрондук) формада баяндалышы мүмкүн жана каттоого алынууга жана мыйзамда жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралууга жатат.
20.4. Эгерде кайрылууда чечилүүсү шаардын мэринин же мэриянын кызматчысынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурда, жаранга анын кайда жана кандай тартипте кайрылуусу керек экени түшүндүрүлүп берилет.
20.5. Эгерде ага кайрылууда коюлган маселелердин маңызы боюнча жооп берлген болсо, жекече кабыл алуунун жүрүшүндө жаранга кайрылууну андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.
20.6. Алыстан келген, I жана II топтордогу майыптуулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, шаардык кеңештин депутаттары кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ болушат. Кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.
VII Бөлүм. Маалыматтка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
21-глава. Мэриянын карамагында турган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
21.1. Мэриянын иши ачык, тунук, айкын жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
21.2.Мэриянын карамаганда турган маалыматтарды берүү “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
21.3. Мэриянын маалыматтарды берүүсүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;
2) алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана юридикалык жактарга маалыматтарды берүү;
3) мэриянын иштери жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;
4)мэриянын документтерине жана материалдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
5) Мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына карата түздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
22-глава. Мэриянын карамагында турган маалыматтарды элге жарыялоо ыкмалары
22.1. Мэриянын иштери жөнүндө маалыматтар элге жарыялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайтына жайгаштырылат. Бул үчүн мэрия бирдиктүү веб-сайтка ээ болушат: _______________ (сайттын аталышы). Расмий веб-сайт жок болгон учурда, маалыматтар төмөнкүлөргө жарыяланышы мүмкүн:
1) мэрия тарабынан аныкталган атайын көрүнөө жерлерге (доскаларга, кереге такталарга;
2) шаардын, райондун, облустун аймагында бир кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн, басылмалардын ичинен шаар тарабынан аныкталган тийиштүү басылмаларга;
3) жергиликктүү мамлекеттик администрациянын расмий веб-сайтына;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгары укуктуу өкүлүнүн веб-сайтына;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор арылык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин сайтына).
22.2. Мэрия өзүнүн иштери жөнүндө калкты кабарландыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка кандай болбосун ыкмаларды пайдаланууга укуктуу. Маалыматка карата жеткиликтүүлүктүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуу маалыматты кандай болбосун башка мыйзамдуу ыкма аркылуу берүүдөн баш тартууга негиз катары кызмат кылышы мүмкүн эмес.
23-глава. Алардын суроо-талаптарынын негизинде жеке жана
юридикалык жактарга маалыматтарды берүү
23.1. Жеке жана юридикалык жактардын маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптары мэрияга төмөнкүдөй формада жөнөтүлүшү мүмкүн:
1) оозеки түздөн-түз же телефон боюнча кайрылуу;
2) түздөн-түз жеткирип берүү жолу менен жазуу жүзүндөгү, почта менен, чабарман аркылуу же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилүүчү суроо-талаптар.
23.2. Суроо-талапка жооп суроо-талап жөнөтүлгөн формада канаатандырылат. Мэрияда турган документ бирден көп тилде болгон учурда, документ маалыматты сураган жак артыкчылык берген тилде берилет.
23.3. Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жоопту даярдоо 2 аптанын ичинде жүзөгө ашырылат. Суроо-талапка жооп берүү үчүн мөөнөттү эсептөө суроо-талап алынган жана катталган күндөн тартып башталат жана суроо-талапка жоопту алар почта байланыш бөлүмүнө, автордун өзүнө, же болбосо анын чабарманына же өкүлүнө берген, же жөнөтүү электрондук байланыш каналдарында белгиленген күнү аяктайт.
23.4. Эгерде 2 аптанын ичинде суроо-талапка жооп даярдалышы мүмкүн болбосо, кийинкиге калтыруунун себептери көрсөтүлүү менен, бул тууралуу суроо-талапты жөнөткөн адамга билдирелет. Кийинкиге калтыруу мезгили 2 аптадан ашуусу мүмкүн эмес. Белгиленген мөөнөттөрдө жооптун берилбегени же мөөнөттүн узартылганы жөнүндө кабарландыруунун болбогону суроо-талапка жооп берүүдөн баш тартуу катары каралат.
(Эскертүү: жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну, жазуу жүзүндөгү суроо-талапты кароонун жана канааттандыруунун тартиби, маалыматтарды берүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.).
24-глава. Мэриянын элге жарыяланууга
жаткан маалыматтарынын тизмеги
Мэрия ар жыл сайын жеткиликтүү формада, көрүнөө жерлерде (маалыматтык доскаларда), өзүнүн расмий веб-сайтында мэриянын иштери жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды элге жарыялоого милдеттүү:
1) алардын иш-милдеттерин жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын, милдеттенмелерин жана бекитилген жергиликтүү бюджетти;
2) мэрия тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана сыпаттамасын;
3) суроо-талаптарды же даттанууларды кароонун жана канааттандыруунун тартибин, ошондой эле кайрылган адамдардын суроо-талаптарын, даттанууларын жана башка иш-аракеттерин жол-жоболоштуруунун болжолдуу үлгүсүн;
4) мэриянын аппаратынын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин жана алардын чечимдерди кабыл алуу жол жоболорунун сыпаттамасын;
5) мэриянын өз иш-милдеттерин аткаруулары тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыган уставын, жобосун, регламенттерин. нускамаларын;
6) жергиликтүү жамааттын уставын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышууларынын механизмдерин же жолжоболорун;
7) мэрияга келип түшкөн жарандардын, уюмдардын кайрылуулары тууралуу, мындай кайрылууларды кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтарды;
8) мэриянын карамагында турган жалпы пайдалануудагы маалыматтык тутумдардын, маалымат банктарынын, реестрелердин тизмектерин, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга көрсөтүлүүчү маалыматтык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмектерин;
9) мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурмдарын, чогулуштарды (жыйындарды), коомдук (бюджеттик) угууларды, жергиликтүү курултайларды кошуп алганда, анын туруктуу комиссиялары тарабынан уюуштурулган расмий иш чаралар тууралуу маалыматтарды;
11) мэрия уюштурган расмий иш чараларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды;
12) мэриянын жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын тийиштүү жылга иш пландарын;
13) жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун социалдык-экономикалык программаларын, жана тапшырыкчылары же аткаруучулары мэрия же шаардык кеңеш болуп саналган башка программаларда: аталышын, максаттарын жана негизги милдеттерин, программалардын тапшырыкчыларын жана негизги аткаруучуларын, мөөнөттөрүн, ишке ашыруунун күтүлгөн натыйжаларын, каржылоонун көлөмүн, аларды ишке ашыруунун жүрүшүн;
14) жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматтарды;
15) Мэрдин катышуусу менен жүзөгө ашырылуучу долбоорлор жана иш чаралар боюнча техникалык жардам (көмөктөшүү) каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды;
16) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү кырдаалын жана динамикасын мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр жөнүндө негизги маалыматтарды;
17) Шаарга тиешелүү расмий статистикалык маалыматтарды;
18) Мэрия же мэриянын алдында уюштурулган тийиштүү комиссиялар тарабынан өткөрүлгөн ачык конкурстар, аукциондор, тендерлер жана башка иш чаралар тууралуу маалыматтарды, төмөнкүлөрдү кошуп алганда:
- аларды өткөрүүнүн шарттарын;
- аларга жеке жана юридикалык жактардын катышуу тартибин;
- конкурстук комиссиялардын курамдарын;
- конкурстук комиссиялардын отурумдарынын протоколдорун;
- кабыл алынган чечимдерге даттануунун тартибин;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана мэрия, ошондой эле тийиштүү комиссиялар тарабынан кароого кабыл алынуучу арыздардын, бланктардын, кайрылуулардын формаларын;
20) мэриянын, шаардык кеңештин текшерүүлөрүнүн натыйжалары жөнүндө, ошондой эле табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды;
21) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун абалы, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар, болжолдолгон жана пайда болгон өзгөчө кырдаалдар, калкты алардан коргоонун ыктары жана ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мыйзамдарга ылайык мэрия тарабынан элге жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды;
22) жарандардын ушул мэрияга муниципалдык кызматка киргени жөнүндө маалыматтарды:
- жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартибин;
- муниципалдык кызматтын болгон бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмегин;
- бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар;
- бош кызмат орундарын ээлөөнүн шарттарын жана натыйжаларын;
23) Мэриянын, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка уюмдар, анын ичинде эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматтарды;
24) Шаардын мэри жөнүндө маалыматтарды (фамилияларын, аттарын жана аталарынын аттарын – көрсөтүлгөн адамдар менен макулдашуу боюнча);
25) мэриянын аппаратынын бекитилген түзүмү жана жалпы штаттык саны тууралуу, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери жана иш-милдеттери, почта даректери, маалымдама кызматтарынын телефондору жана электрондук почта дарегин кошуп алганда, даректик маалым-даректери жөнүндө маалыматтарды;
26) мэрияга ведомстволук таандыктуулуктагы уюмдар тууралуу маалыматтарды: уюмдардын тизмегин, алардые почта жана юридикалык даректерин, телефондорун, алардын аткарган милдеттерин жана иш-милдеттерин, аларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, алардын кызматчыларынын саны, иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды;
27) мэриянын иштерине катышкан эл аралык уюмдардын тизмегин;
28) мэриянын эл аралык инвестицияларды жана эл аралык кызматташуу программаларын ишке ашырууга катышууларынын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;
29) алдыда турган жер участокторун бөлүп берүү жана жеке турак-жай курулушуна жер алууга жарандардын тизмелери жөнүндө маалыматты;
30) кабыл алынган сациалдык маанилүү чечимдер боюнча, анын ичинде шаардык кеңештин жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөгөн, жоопкерчиликти белгилеген же күчөткөн токтомдору жөнүндө маалыматтарды.
25-глава
Жарандардын документтерге, материалдарга, мэриянын, шаардык кеңештин, ошондой эле алардын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
25.1.Мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын документтерине жана материалдарына түздөн-түз жеткиликтүүлүк төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
1) расмий маалыматтардын фонддору;
2) маалыматтар базалары.
25.2.Мэриянын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын отурумдары (кеңешмелери), жабык отурумдарды кошпогондо, коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
25.3. Отурмдардын (кеңешмелердин) ачыктыгы тийиштүү кеңешмелерге, отурумдарга катышууну каалагандыктарын билдирген жарандардын аларга катышуу мүмкүнчүлүгү менен кепилденет.
25.4. Жабык кеңешмелер, отурумдар аларда жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар жөнүндө маселелер болуп саналган маалыматтар талкууланган учурда өткөрүлөт.
26-глава. Маалыматтка карата жеткиликтүүлүктү чектөө
26.1. Чектелүү жеткиликтүүлүктөгү маалыматтар катары таанылган, мамлекеттик сырларга киргизилген, ошондой эле купуялуу маалыматтардан тышкары, мэриянын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүктү кандай болбосун чектөөгө тыюу салынган.
26.2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
26.3. Купуялуу маалымат катары төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар таанылат:
1) кесиптик сырды (кызматтык пайдалануудагы документтер – КПД);
2) башка адамдардын мыйзам менен корголгон сырларын камтыган маалыматтарды.
VIII Бөлүм. Муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилиги
27-глава. Регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
27.1. Регламент бардык мунуципалдык кызматкерлер жана мэриянын аппаратынын башка кызматычылары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Ушул Регламенттин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө шаардын мэри, вице мэри жана аппарат жетекчиси тарабынан тарабынан жүзөгө ашырылат.
27.2. Регламенттин талаптарын аткарууну камсыз кылуу, документтерди жана материалдарды сапаттуу жана өз убагында даярдоо, ошондой эле мэрияда документтерди эсепке алуу жана сактоо үчүн жоопкерчилик аткаруучуларга жүктөлөт.
27.3. Шаардын вице мэри,аппарат жетекчиси ушул Регламенттин талаптарынын өз убагында жана талаптагыдай аткарылышын көзөмөлдөйт.
27.4. Ушул Регламенттин талаптарын сактабагандыгы жана бузгандыгы үчүн мэриянын аппаратынын кызматкерлери жана кызматчылары – аткаруучулар мыйзамда белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартышат, бул жөнүндө тийиштүү сунуштамаларды шаардын мэрине киргизүүгө анын вице мэри ,аппарат жетекчиси укуктуу.
28-глава. Дисциплинардык жаза-чара, кызматтык териштирүү
28.1. Кызматкер дисциплинардык жорук жасаган учурда, кызматкер дисциплинардык жоопкерчилик тартат.
28.2. Кызматкерге дисциплинардык жаза-чара мэр тарабынан, дисциплинардык жорук жасаган фактысы аныкталган же бышыкталган учурларда гана салынат.
28.3. Дисциплинардык жорук жасоо фактысын аныктоо же бышыктоо үчүн өзүнүн демилгеси боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча шаардын мэри тарабынан дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
28.4. Кызматтык териштирүү жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде, кызматкердин дисциплинардык жорук жасаганы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
28.5. Кызматтык териштирүү шаардын мэри тарабынан түзүлгөн, мэриянын алдындагы дисциплинардык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
28.6. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт:
1) кызматкер жасалган жоруктагы өзүнүн күнөөсүн ак ниетинен мойнуна алганда – фактылардын чындыкка ылайык келген учурунда;
2) дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу мөөнөттөрү өтүп кеткенде;
3) эгерде жасалган жорукта жазык кылмышынын же административдик жоруктун курамдарынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.
28.7. Кызматкер жүктөлгөн милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын карама-каршылыгы жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн, ага дисциплинардык жаза-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрү салынат:
1) сындоо;
2) сөгүш;
3) катуу сөгүш;
4) толук эмес кызматтык ылайыктуулук жөнүндө эскертүү;
5) класстык ченин төмөндөтүү;
6) кызмат ордунан төмөндөтүү;
7) ээлеген кызмат ордунан бошотуу.
28.8. Дисциплинардык жаза-чара түздөн-түз жорук табылгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кеч эмес колдонулат. Кызматкердин ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана дисциплинардык жаза-чара салынышы мүмкүн.
28.9. Кызматкер ага салынган дисциплинардык жаза-чаранын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес.
28.10. Шаардын мэринин дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө тескемеси, кызматкерге аны чыгарган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер көрсөтүлгөн тескемеге кол коюудан баш тарткан учурда, тийиштүү акт түзүлөт.
28.11. Дисциплинардык жаза-чара аны колдонгон күндөн тартып 1 жыл боюу иштейт. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматкер жаңы жаза-чарага кириптер болбосо, анда ал дисциплинардык жаза-чарасы алып салынган болуп эсептелет.
28.12. Шаардын мэри жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок жаза-чара салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ошондой эле баалоонун натыйжалары боюнча дисциплинардык жаза-чараны алып салууга укуктуу.
28.13. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө чечимге кызматкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда – чечим менен таанышкан күндөн тартып 2 айдын ичинде сотко даттанышы мүмкүн.
28.14. Дисциплинардык жаза-чараны колдонуу жөнүндө мэриянын тескемесинин күбөлөндүрүгөн көчүрмөсү кызматкерге ал кабыл алгандан кийин 3 жумушчу кундүн ичинде берилет.
28.15. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген Жобо менен аныкталат.
IX Бөлүм. Жумуш убактысын уюштуруу
29-глава. Эмгек өргүүсү
29.1. Мэриянын кызматкерлерине жана кызматчыларына ар жыл сайын акысы төлөнүүчү өргүү берилет.
29.2. Кызматкерде иштеген биринчи жылы үчүн өргүүнү пайдалануу укугу, кызматчы мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жатканына 11 ай өткөндөн кийин пайда болот. Тараптардын макулдашуусу боюнча акысы төлөнүүчү өргүү кызматчыга 11 ай өткөнгө чейин деле берилиши мүмкүн.
29.3. Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай өткөнгө чейин акысы төлөнүүчү өргүү кызматчынын арызы боюнча төмөнкүлөргө берилиши керек:
1) аялдарга – кош бойлуулугу жана төрөөсү боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин;
2) 18 жашка чейинки кызматчыларга;
3) айкалыштыруучуларга, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалытырып иштөө боюнча 11 айга чейинки мезгилге туура келип калса;
4) 3 айга чейинки жаштагы баланы (балдарды) асырап алган кызматчыларга;
5) мыйзамда каралган башка учурларда.
29.4. Экинчи жана андан кийин иштеген жылдары үчүн өргүү жумушчу жылынын кандай болбосун убагында, ушул уюмда белгиленген ар жыл сайын акысы төлөнүүчү өргүүнү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык берилет.
29.5. Ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү мэриянын кызматкерлери жана кызматчылары менен макулдашуу боюнча, иштин талаптагыдай жүрүшүн жана кызматчылардын эс алуулары үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуунун зарылдыгын эсепке алуу менен, шаардын мэри тарабынан бекитилет.
29.6. Өргүүлөрдүн графиги ар бир календардык жылга кийинки календардык жыл жаңырганга чейин 2 апта калгандан кечиктирилбестен түзүлөт жана кызматкерлерге жана кызматчыларга маалымдалып жеткирилет.
29.7. Эмгек мамилелерин жана алар менен байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана эмгек укугунун ченемдерин камтыган башка ченемдик укуктук актылар менен жүзөгө ашырылат.
30-глава. Жумуш убактысынын узактыгы
30.1. Мэрияда жумуш убактысынын узактыгы аптасына 2 дем алыш күнү, белгиленген беш жумушчу күнү бар аптасы менен, жумасына 40 саатты түзөт.
30.2. Жумуш убактысынын белгиленген узактыгынын чегинен тышкары иштөө кызматчынын демилгеси боюнча (айкалыштыруучулук) да, жана ошондой эле жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дагы (мөөнөттөн ашыкча иштөө), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
30.3. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү жумушка тартуу, тараптардын макулдашуулары боюнча кызматкерге, кызматчыга башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу менен, же эки эселенгенден кем эмес өлчөмдөгү акчалай формада компенсацияланат.
30.4. Мэриянын кызматкерлери жана кызматчылары үчүн жумуштун башталуу жана аяктоо, эс алуу үчүн тыныгуу убактысы төмөнкүдөй белгиленген:
1) жумуштун башталышы – 8.30 саат;
2) эс алуу үчүн тыныгуу – 12.00-13.00;
3) жумуштун аякташы – 17.30 саат;
4) майрамдын алдыңкы күндөрү жумуштун аякташы – 14. 00 саат.
30.5. Жумушка келүүнү жана кетүүнү, ошондой эле кызматчылардын өздөрүнүн иш-милдеттерин аткарууларын көзөмөлдөөнү уюштурууну мэриянын аппарат жетекчиси (же иш кагаздарын жүргүзүүчүсү) жүзөгө ашырат.
30.6. Мэриянын кызматкерлери жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча тескөөчү бөлүм башчылардын, шаардын мэринин, вице мэринин жана аппарат жетекчисинин макулдугу менен гана болбой кала алышат.
30.7. Шаардын вице мэринин жана аппарат жетекчисинин жумушчу орундарында кызматтык иштер боюнча же жүйөлүү себептер боюнча шаардын мэринин макулдугу менен гана болбой кала алышат.
Тиркеме 1.
Мэриянын алдындагы туруктуу (убактылуу) комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги
Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага жүктөлгөн иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун алкактарында, мэриянын алдында төмөнкүдөй туруктуу (убактылуу) комиссияларды уюштурат:
1. административдик укук бузуулар боюнча комиссия («Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча административдик комиссиялары тууралуу» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №176 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
2. бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо боюнча конкурстук комиссия («КР мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызматы боюнча конкурс өткөрүүнүн жана кызматтык жылдыруунун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген Жобо);
3. муниципалдык кызматкердин ишин баалоо боюнча комиссия (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишине баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген Жобо);
4. муниципалдык кызматкердин ишин баалоо боюнча талаш маселелерди кароо боюнча апелляциялык комиссия (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин жана муниципалдык кызматкерлеринин ишине баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген Жобо);
5. муниципалдык кызматкердин этикасы боюнча комиссия («КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этикасы боюнча аймактык комиссиялар жөнүндө» КР Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы УП №108 Жарлыгы);
6. дисциплинардык комиссия (Положение «Мамлекеттик органдарда жана КР ЖӨБ органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен бекитилген Жобо);
7. мамлекеттик сатып алуулар боюнча конкурстук комиссия (Закон КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мыйзамы);
8. айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы («Айыл чарба жерлерин кайра бөлуштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы токтому менен бекитилген №1997-III Типтүү жобо);
9. муниципалдык жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүү боюнча жер комиссиясы («Муниципалдык менчикте турган жер участокторун акылуу менчик же ижара укуктарына берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрынлагы № 571 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
10. муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча комиссия («Менчикке муниципалдык менчик жөнүндө» 2002-жылдын 15-мартындагы N 37 КР Мыйзамы, 12-15-беренелер);
11. куруу жана жерди пайдалануу боюнча комиссия (КР куруунун, жерди пайдалануунун жана калктуу конуштарды көрктөндүрүүнүн КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 токтому менен бекитилген Типтүү эрежелери);
12. жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясы («Жер участокторун жеке турак жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Жобо);
13. турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия (Турак жай-курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссия, КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 139 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо);
14. турак-жай маселелери боюнча комиссия (2013-жылдын 9-тюлундагы №117 КР Турак-жай кодекси, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 токтому менен бекитилген «Менчиктештирилүүчү турак-жайдын наркын аныктоонун тартиби»);
15. социалдык маселелер боюнча комиссия (2012-жылдын 10-июлундагы № 100 «Балдар жөнүндө» КР кодекси, Типовое Положение «ЖӨБ аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 токтому менен бекитилген Типтүү Жобо; Закон КР «КР мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 КР Мыйзамы, «Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №822 токтому менен бекитилген Жобо);
16. балдар иштери боюнча комиссия (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссиялар жөнүндө Типтүү жобо0;
17. муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча комиссия («Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» КР Мыйзамынын 10-бер.);
18. архив маселелери боюнча эксперттик комиссия («Мамлекеттик органдын, ЖӨБ органынын жана башка юридикалык жактардын жксперттик комиссиялары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-мартындагы № 160 токтому менен бекитилген болжолдуу Жобо);
19. жарандык коргоо боюнча комиссия («Жарандык коргоо жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы N 239 КР Мыйзамы, «Жарандык коргоо боюнча комиссия жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген Типтүү жобо);
20. коомдук-профилактикалык борбор («КР укук бузуулардын алдын алуу жонундө» 2005-жылдын 25-июнундагы №82 КР Мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген Коомдук-алдын алуу борборунун Типтүү Уставы);
21. айылдык аймактын аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелеринин ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу үчүн байкоочу комиссиялар («Жазык-аткаруучу (пенитенциардык) тутумдун органдары жана мекемелери жөнүндө» 2003-жылдын 12-августундагы №197 КР Мыйзамы);
22. камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн жана жагымсыз табигый кубулуштардын таасирине кириптер болгон аянттардын көлөмүн аныктоо боюнча убактылуу комиссия («Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы №31 КР Мыйзамы);
23. дин боюнча коомдук комитет («Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» 2008-жылдын 31-декабрындагы №282 КР Мыйзамы, 1-берененин 2-бөлүгү );
Тиркеме 2. Мамлекеттик органдар, башка уюмдар, мекемелер жана бирикмелер уюштурган комиссиялардын аталыштарынын Тизмеги
Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн муниципалдык кызматкерди мамлекеттик органдар тарабынан түзүлгөн төмөнкү комиссиялардын иштерине катышуу үчүн жиберет:
1. өздөштүрүлгөн азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча комиссиялар («Азыктуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берүүнүн тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 токтому менен бекитилген Жобо);
2. айыл чарба багытындагы жерлердин рыногу боюнча райондук жер комиссиялары («Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуунун-сатуунун тартиби жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы №427 токтому менен бекитилген Жобо);
3. жайыттардын чек араларын белгилөө боюнчача жергиликтүү (райондук) комиссиялар («Жайыттар жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы N 30 КР Мыйзамы, «Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облусттук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтому менен бекитилген Жобо);
4. шаардын аймагынын чегинде жайгашкан жер казынасы боюнча лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялар («Жер казынасы жөнүндө» 2012-жылдын 9-августундагы N 160 КР Мыйзамы);
5. тарыхий-маданий мурас объекттеринин тарыхий-маданий экспертизасын жүргүзүү боюнча эксперттик комиссиялар («Тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» 1999-жылдын 26-июлундагы №91 КР Мыйзамы);
6. жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча райондук жер комиссиялары («Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жонүндө» 2013-жылдын 15 июлундагы №145 КР Мыйзамы);
7. жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү (билим берүү, маданят, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо социалдык чөйрөнүн мекемелери үчүн комкорчулук Кеңештерин тандоо жана түзүү боюнча комиссиялар («Камкорчулук кеңеши жөнүндө» 2014-жылдын 30-майындагы №18 КР Мыйзамы);
8. шаардын аймагында ишке ашырылышы белгиленип жаткан, ошондой эле коңшу административдик-аймактык бирдикте белгиленип жаткан чарбачылык иштин натыйжасында курчап турган чөйрөгө таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон объекттердин экологиялык экспертизасына катышуу үчүн эксперттик комиссиялар («Экологиялык экспертиза жөнүндө» 1999-жылдын 16-июнундагы №54 КР Мыйзамы);
9. кыймылсыз мүлктү тутумдук каттоого алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү боюшча макулдашуу комиссиясы («Кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик катоо жөнүндө» 1998-жылдын 22-декабрындагы №153 КР Мыйзамы);
10. калкты кургак учуктан коргоо боюнча узак мөөнөттүү программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн кургак учук боюнча ведомстволор аралык комиссия («Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө» 1998-жылдын 18-майындагы N 65 КР Мыйзамы);
11. мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүү боюнча комиссия (КР мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөлөрүндөгү мыйзамдардын сакталуусунун мониторингин жүргүзүүнүн тартиби жөнундө Жобо, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен бекитилген).
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси: Э.Абдылдаканова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 50 AI answers a month - free.
Related acts
references 37 · cited by 0 · related 0
References (37)
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Закон «Об экологической экспертизе»Закон · 16.06.1999 · № 54
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2009 года №386 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О пастбищах»Постановление · 19.06.2009 · № 386
- Закон «Об особенностях страхования в растениеводстве»Закон · 26.01.2009 · № 31
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 747 "Об утверждении Типового устава общественно-профилактического центра"Постановление · 27.10.2015 · № 747
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2009 года № 139 "Об утверждении Типового положения о комиссии по выделению земельных участков жилищно-строительным кооперативам"Постановление · 03.03.2009 · № 139
- Постановление Правительства КР от 15 июля 2016 года № 398 "Об утверждении формы книги учета проверок и порядка регистрации в книге учета проверок"Постановление · 15.07.2016 · № 398
- Постановление Правительства КР от 17 июня 2008 года № 306 "Об утверждении Положения о порядке предоставления малопродуктивных сельскохозяйственных угодий для освоения и ведения…Постановление · 17.06.2008 · № 306
- Закон «О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним»Закон · 22.12.1998 · № 153
- Закон «Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы»Закон · 12.08.2003 · № 197
- Кодекс Кыргызской Республики о детяхКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Закон «Об охране и использовании историко-культурного наследия»Закон · 26.07.1999 · № 91
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Постановление Правительства КР от 24 июля 2017 года № 449 "Об утверждении Типового положения о Комиссии по делам детей"Постановление · 24.07.2017 · № 449
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2017 года № 215 "Об одобрении перечней уполномоченных государственных органов, имеющих право на проведение проверок деятельности…Постановление · 12.04.2017 · № 215
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 2014 года № 557 "Об утверждении Порядка определения стоимости приватизируемого жилого помещения"Постановление · 30.09.2014 · № 557
- Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 29/23-5 "Чолпон-Ата шаардык мэриясынын типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 29/23-5
- Указ Президента КР от 7 мая 2002 года УП №108 "О территориальных комиссиях по этике государственных и муниципальных служащих Кыргызской Республики"Указ · 07.05.2002 · № 108
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · No longer in force
Showing 20 of 37. The full list is in the links panel.