Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жеңилдик берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, таштанды салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгы жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ V чакырылышынын 31 сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № XXXI-15
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жеңилдик берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы, таштанды салыгы, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгы жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Н.Жолдошбаевдин билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27.06. № 255 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 25-июнундагы № 123, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-апрелиндеги № 51, 2011-жылдын 22-декабрындагы № 248, 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2013-жылдын 22-февраль № 28, 2012-жылдын 18-майындагы № 55 мыйзамдарына негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган пенсионерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, Авганстанда кызмат кылгандар, 1-2-3 топтогу майыптар 2016-жылга физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгынан, таштанды салыгынан, автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгынан жеңилдиктер берилсин.
2. Жеңилдик берилүүчү атуулдарды тактоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен салыкчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
А.Ажибаев
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга атуулдардан алынуучу таштанды салыгы боюнча маалымат
№ Кожолуктар Кожолук саны Ставка Суммасы 1 Бардык кожолук саны 3397 100 339700 2 Анын ичинен үй салына элек тамаркалардын саны 788 100 78800 3 Жалпы таштанды салыгын төлөөчү үй-бүлөлөрдүн саны 2609 100 260900
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: Н.Мадимаров
Жооптуу катчысы: А.Жээнбаева
ФЭБ башчысы: А.Зулпуев
Жер адиси: Г.Абдуллаев
Ага салыкчы: Н.Жолдошбаев
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга атуулдардан эсептелген жеңилдик берилген физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы боюнча маалымат
№ Кожолуктар Кожолук саны га ставка Сумма 1 Бардык кожолук саны 3397 945 10 945000 2 Жеңилдик берилген кожолук саны 1310 341,78 10 341780 Анын ичинен 3 пенсионерлер 752 230,85 10 230850 4 Көп балалуу үй-бүлөлөр 385 71,99 10 71990 5 Авганстанда кызмат кылгандар 16 3,83 10 3830 6 1-2-3 топтогу майыптар 157 35,11 10 35110 7 Салык төлөөчү кожолуктардын саны 2087 603,22 10 603220
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: Н.Мадимаров
Жооптуу катчысы: А.Жээнбаева
ФЭБ башчысы: А.Зулпуев
Жер адиси: Г.Абдуллаев
Ага салыкчы: Н.Жолдошбаев
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылга автоунаа ээлеринен алынуучу кыймылдуу мүлк салыгы боюнча маалымат
№ Автоунаалардын түрлөрү саны Суммасы 1 Жеңил автоунаалар 536 414784 2 Оор жүк ташуучу автоунаалар 100 120010 3 Айыл чарба техникалары 16 5488 4 Жалпысы: 652 540282
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: Н.Мадимаров
Жооптуу катчысы: А.Жээнбаева
ФЭБ башчысы: А.Зулпуев
Жер адиси: Г.Абдуллаев
Ага салыкчы: Н.Жолдошбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 6 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (6)
- Указ Президента КР от 25 июня 2012 года УП № 123 "О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики "О награждении многодетных матерей республики орденом "Баатыр эне"…Указ · 25.06.2012 · № 123
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 18.05.2012 · № 55 · Утратил силу
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 10.02.2010 · № 25 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 22.12.2011 · № 248 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 09.08.2012 · № 158 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменения и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 22.02.2013 · № 28 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.