Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы 2018-жылдын 14-апрели № 11/6 Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин 2018-жылдын 28-февралындагы №139 катынын жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 1-мартындагы биргелешкен отурумунун №3 протоколунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын №23/5 токтому менен бекитилген тиркеменин «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» деген пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө бекитилген тиркеменин «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» деген пункту 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаар мэриясынын Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти 1-тиркемеге ылайык ижара акынын чендерин колдонуу менен иш жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашып, каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн шаар мэриясынын Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директорунун милдетин аткаруучу У.Мусажановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги №11/6 токтомунун № 1 тиркемеси
Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» эсептеп колдонулуучу таблицасы,
1
2
3
4
5
6
7
8
9
S
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу м2
1-50 м2 га чейин
51-100 м2 га чейин
101-200 м2 га чейин
201-300 м2 га чейин
301-500 м2 га чейин
501-1000 м2 га чейин
1000 м2 жогору
C
Баасы: м2 (сом)
0,8
0,60
0,54
0,32
0,28
0,24
0,20
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 1 · связанные 1
Цитируется в (1)
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябры № 37/5 Муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акыларын бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 16.09.2024 · № 37/5
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.