Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин Муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акыларын бекитүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отуруму
2024-жылдын 16-сентябры № 37/5
Муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзымынын ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жыл 14-апрелиндагы №11/6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Өзгөн шаарындагы муниципалдык жерлердин ижара акылары 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тарифтерди мыйзамга ылайык ишке түшүрүү жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага
А . Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 16-сентябрындагы кезектеги XXXVII сессиясынын отурумунун №37/5 токтомунун 1-тиркемеси Айлык аренда акылары төмөндөгү формула боюнча эсептелинет Ап=Н*S*К1*К2 Ап-Айлык аренда акы Н-Ставка (по ППКР)=2,3 Салык кодекси 404-берене S-Жер аянтынын өлчөмү К1 -К2- Коэффициенттер
К1–коэффициент шаардык экономикалык долбоорлоо үчүн зоналары боюнча (тиркелет) К2-коэффициент зоналар боюнча функционалдык пайдаланып жаткан багытына карата:
Соода кылынуучу аянттар
1-5 кв. метрге чейин
6-10 кв. метрге чейин
11-15кв метрге чейин
16-25 кв метрге чейин
26-30 кв метрге чейин
31-49 кв метрге чейин
50 кв. метрден жогору
коэффицент
18,0
16,0
14,0
13,0
12,0
10,0
8
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша
S
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
1-50 чарчы метрге чейин
51-100 чарчы метрге чейин
101-200 чарчы метрге чейин
201-300 чарчы метрге чейин
301-500 чарчы метрге чейин
501-1000 чарчы метрге чейин
1001 чарчы метрден жогору
C
Баасы:чарчы метр (сом м2)
3,0
2,5
2,0
1,8
1,2
0,8
0,5
Сезондук соода-сатыктардын түрлөрү боюнча:
№
Сооданын аталышы
Ижара келишиминин мөөнөтүү
Ижара акысынын суммасы (1 күндүк)
Эскертүү
1
Дарбыз, коон
1 ай
70х30=2100
2
Суусундуктар, шербет, балмуздак
1 ай
50х30=1500
3
Промостойка (банк карталары, сим карта сатуучу стол)
1 ай
50х30=1500
4
Дүкөндүн алдына чыгарылган муздаткычтар
1 ай
16,6х30=500
5
Көчмө тез татым ж.б, гриль, тандыр, шашлык бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары (жайгашкан жери талаптарга жооп берген болсо)
1 ай
60х30=1800
Шаардын аймагындагы жолдордун жээгиндеги муниципалдык жерлерде убактылуу уюштурулуучу автоунаалар токтоочу жайлар (парквока) үчүн төлөмдөр хранометраждын негизинде эсептелет
Өзгөн шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 1-зона үчүн- 3,0
1. Манас көчөсүндө жайгашкан Борбордук базардын айланасы күн чыгыш жагы Манас көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин, күн батыш жагы Манас көчөсү менен Свердлова көчөсүнүн кесилишине чейин;
2. Мирзарахимов көчөсүнөн Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
3. Манас көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинен, Гагарин көчөсү менен Кошиев көчөсүнүн кесилишине чейин;
4. Манас көчөсү менен Бегилдинова көчөсүнөн, Манас көчөсү менен Мукумий көчөсүнүн кесилишине чейин;
5. Кошиев көчөсүнөн Советская көчөсүнүн кесилишине чейин;
6. Манас көчөсү менен Мукумий көчөсүнүн кесилишинен, Манас көчөсү менен Маллабеков көчөсүнүн кесилишине чейин;
7. Манас көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен, Кош-Коргон көчөсүнө чейин;
8. Ленин көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишинен, Ленин көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине чейин;
2-зона үчүн -2,8
1. Манас көчөсү менен Котовского көчөсүнүн кесилишинен, Манас көчөсүнөн И.Жусупов көчөсүнүн кесилишине чейин.
2. Амир-Темур көчөсү Манастын эстелигинен баштап Маллабекова көчөсүнүн кесилишине чейин;
3. Амир Темур көчөсү менен Маллабекова көчөсүнүн кесилишинен, Маллабекова көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишине чейин;
4. Кошиев көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинен, Абдулла Набиев көчөсүнүн кесилишине чейин;
5. А. Набиев көчөчөсүнөн Уч-Дөбө көчөсүнө чейин;
6. Кош-Коргон көчөсүнөн Үч-Дөбө көчөсүнө чейин ;
3-зона үчүн-2,3
1. Пайзабад, Төрт-Көчө, Жаңы-Турмуш кварталынын ички көчөлөрү.
2. Жаңы-Өзгөн кварталынын аймагында жайгашкан көчөлөр;
3. Кайрагач кварталынын ички көчөлөрү;
4- зона үчүн-1,8
1. Үч-Дөбө, Шарк, Кылыч-Бурхан, Гузар-1 кварталдарында жайгашкан ички көчөлөрү;
5-зона үчүн-1,3
1. Гузар, Мажирүм-Тал кварталындагы ички көчөлөрү;
6-зона үчүн-1,0
1. Сараксий, Жаңы-Хаяд, Таштак, Калма-Кыя кварталында жайгашкан ички көчөлөрү;
7-зона үчүн-0,70
1. Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан чет жактарындагы аты аталбаган көчөлөрү.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.