Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин «Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу эрежелерин бекитип берүү жөнүндө» токтому.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы) 2025-жылдын 24-апрели №2 Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу эрежелерин бекитип берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын аймагында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу”иштери жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.А.Саматов
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №2 токтому менен бекитилсин
Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу Эрежелери
I. Жалпы бөлүк.
1.1. Акыркы жылдары коомчулукта маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешүүдө. Каза болгон маркумдун бир туугандары темирден, таштан, граниттен же мрамордон кичи эстеликтерди орнотуучу, анысы аз келгенсип өтө чоң курулмаларды, күмбөздөрдү курган учурлар кездешет. Кээ бир учурларда маркумдун статуясын орнотууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосууда. Натыйжада акча каражаттары ашыкча чыгымдалууда. Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлөрдүн бюджетине зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет.
Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, коомдун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу аткаруу органдарынын жана коомчулуктун ар бир катмарынын милдетин болуп калыш керек. Аны коомчулуктун кеңири катмары түшүнүп жетиши зарыл. Раззаков шаарынын жарандары маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу ишинде өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана көп өлчөмдөгү акча каражаттарын чыгымдабастан, өткөрүшү зарыл. Керексиз чыгымдарды азайтуу, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу ишин жөнгө салуу максатында ушул Жобо иштелип чыкты.
1.2. Бул Жобо “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" КР Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296 Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтому менен бекитилген “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө” нускамага ылайык (мындан ары Нускама) иштелип чыкты, эрежелерди жана чектөөлөрдү камтыйт жана шаардын жашоочулары, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан аткарууга милдеттүү.
2. Маркумдук сөөгүн жайга коюу жана көмүү иши.
2.1. Сөөктү жайга коюуну маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык анын дин тутуусун, Кыргыз Республикасынын экологиялык, санитардык, шаар куруу жана башка ченемдерине каршы келбеген үрп-адаттарын жана каада-салттарын эске алуу менен анын денесин (сөөгүн) жерге (мүрзөгө) көмүү менен жүзөгө ашырылат.
2.2. Көмүүлөр бош жерге көмүү жана туугандык (көрдүн жанына) көмүү болуп бөлүнөт.
Каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн көрүстөндүн көмүү үчүн кайра бөлүнгөн (мурда эч ким көмүлбөгөн) жер участогунда жерге берүү бош жерге көмүү болуп саналат. Туугандык көмүү (көрдүн жанына көмүү) болуп каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндүн бул участогунда мурда көмүлгөн көрдүн жанындагы бош жерге көмүү саналат. Каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндөрдөгү мурда көмүлгөн көрдүн жанына көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу же суранычы болгон учурда жүргүзүлөт.
2.3. Бош жерге көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери шаардын тиешелүү кварталынын же айылдын башчысы жана мечит имамы менен макулдашууга ылайык жөнгө салынат.
2.4. Маркумдук сөөгүн жайга коюу жана көмүүгө чейинки ырасымдар, а.и. каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо, жууп-тазалоо, кепиндөө, капкактуу табытка салуу жана көрүстөнгө жеткирүү иштери маркумдун жакын туугандары тарабынан аткарылат.
3. Сөөк коюлуучу жайлар (көрүстөндөр) жана сөөк коюлуучу жайды (мүрзөнү) даярдоо.
3.1. Көрүстөн үчүн жер участогун бөлүп берүү, көрүстөндөрдү тейлөө жана эксплуатациялоо Нускамага ылайык жүргүзулөт жана бул милдеттер Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлөт.
3.2. Сөөк коюлуучу жай (көрүстөн) үчүн жер участоктору түздөн-түз кайрак жана сугарылбаган жерлерден бөлүнөт, Раззаков шаар мэриясынын муниципалдык менчигинде катталат жана анын түздөн-түз карамагында болот.
3.3. Раззаков шаарынын жараны каза болгон учурда көрүстөндүн аймагынан көмүү үчүн жай каза болгон адамга акысыз берилет. Кыргыз Республикасынын жараны (башка аймактын тургуну) же жарандыгы жок адам каза болуп Раззаков шаарынын аймагындагы көрүстөнгө көмүү зарылчылыгы жаралган учурда шаар мэриясынын тиешелүү кызматы менен макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.
3.4. Көрүстөндөрдүн аймагындагы мүрзөлөргө темирден, таштан, граниттен, мрамордон жана башка баалуу материалдардын эстеликтерди орнотууга, курулмаларды же күмбөздөрдү курууга, маркумдун статуясын орнотуу, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосууга тыюу салынат.
3.5. Тарыхый-маданий мааниге ээ болгон, эстелик катары статусу бар көрүстөндөрдү кошпогондо кабырлардын айланасындагы эстеликтер жана тосмолорду жыгач материалдардан даярдап орнотууга жол берилет, бирок алардын бийиктиги 0,70 метрден ашпоосу зарыл.
3.6. Учурда иштеп турган көрүстөндөр түртүп бузулууга тийиш эмес. Жаңы көрүстөндөрдү түзүү, иштеп турган көрүстөндөрдү реконструкциялоо, табигый кырсыктар же өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу көрүстөндү башка жерге котору, пайдаланууну токтотуу же башка ушуга окшош маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында (а.и. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында) белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3.7. Шаардын аймагындагы көрүстөндөрдү талаптагыдай абалда карап-күтүү жана аларды көрктөндүрүү боюнча милдет Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3.8. Сөөк коюлуучу жайды (мүрзөнү) даярдоо (жерди казуу) Раззаков шаар мэриясында маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат түзүлгөнгө чейин же бул милдет муниципалдык ишканага өткөрүп берилгенге чейин шаардын тиешелүү кварталынын же айылдын башчысы жана мечит имамы менен макулдашууга ылайык жергиликтүү калктын сунушу боюнча милдеттер жүктөлгөн адам (көр казгыч же гөркөө) тарабынан аткарылат;
3.9. Көр казгычтын (гөркөө) кызматы акылуу негизде болуп жер-жерлердеги элдик жыйындарда жашоочулар тарабынан макулдашылып белгиленген, чектен ашпаган өлчөмдө маркумдун жакын туугандары тарабынан ыраазычылык менен төлөнөт.
4. Көмүү үчүн жер участогун берүү тартиби.
4.1. Ар бир мүрзөгө төмөнкү өлчөмдөгү жер участогу бөлүнөт:
Көмүүнүн түрү
Жер участогунун өлчөмү
Мүрзөнүн өлчөмү
Аянты, м2
Узундугу, м
Туурасы, м
Узундугу, м
Туурасы, м
Мусулман тибиндеги казанактуу көмүү
6
3-3,5
2-2,5
2,0
1,0
9 жашка чейинки жаш баланын сөөгүн көмүү
3
2-2,5
1,5-2
1,5
0,7
4.2. Мүрзөлөрдүн аралагы 0,5 метр жана ар бир эки катардын арасында зыярат кылуучулар үчүн туурасы бир метрден ашпаган жөө адамдар үчүн жол калтырылат.
4.3. Ушул 4-бөлүктө каралбай калган маселелер Нускаманын негизинде жөнгө салынат.
5. Маркумду акыркы сапарга узатуу иши жана ырасымдарды өткөрүүнүн тартиби.
5.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары жана ага байланыштуу ырасымдар Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №1 токтому менен бекитилген “Раззаков шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү” жобо менен жөнгө салынат.
Раззаков шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы З.Н.Туяков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 1 · связанные 0
Цитируется в (1)
Ссылается на (3)
- Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 1
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296
- Постановление Кабинета Министров КР от 14 февраля 2025 года № 67 "Об утверждении Инструкции о порядке захоронения умерших граждан и установки надмогильных сооружений"Постановление · 14.02.2025 · № 67