Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин «Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ» токтому
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы) 2022-жылдын 14-апрели № 1 Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурдагы 4,21га таштуу жайыт жерди жана № 222-контурдагы 1,30 га курулуштун орду жайгашкан жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурда жайгашкан 4,21га жайыт (таштуу жайыт) жана № 222-контурда жайгашкан 1,30 га курулуштун орду болгон жалпы аянты 5,51га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин негизинде жалпысы болуп 5,51 га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары
А.Каимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 2 · связанные 0
Цитируется в (2)
- Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №2 "Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди…Постановление · 24.04.2025 · № 2
- Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы №3 "Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна, тескемелерине жана Жоболоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 23.09.2025 · № 3
Ссылается на (1)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу