Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин “Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу” эрежесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы 2025-жылдын 19-декабры № 2 “Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу” эрежесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаарынынмэриясынын ““Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу” эрежесине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык токтом кылат:
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №2 токтому менен бекитилген “Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жаранды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди орнотуу” эрежесинин 1.2, 2.3, 2.4 жана 3.3 пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалып өзгөртүү толуктоолор киргизилсин:
1.2 пункту - Бул Жобо “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы ПЖ №296 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтому менен бекитилген “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө” нускамага (мындан ары Нускама) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19- августундагы №502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибине” ылайык иштелип чыкты, эрежелерди жана чектөөлөрдү камтыйт жана шаардын жашоочулары, мекемелер, ишканалар менчигинин түрүнө карабастан аткарууга милдеттүү.
2.3 пункту- Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы көрүстөндөрдө
көмүү жайларын брондоо укугу – нике күбөлүгү болгон учурда жубайына таандык. Көмүү жайларын брондоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19- августундагы №502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибине” ылайык жөнгө салынат.
2.4 пункту - Каза болгон адамды көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери шаардын тиешелүү
кварталынын же айылдын башчысы жана мечит имамы менен макулдашууга ылайык жөнгө салынат. Маркумдук сөөгүн жайга коюу жана көмүүгө чейинки ырасымдар, а.и. каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо, жууп-тазалоо, кепиндөө, капкактуу табытка салуу жана көрүстөнгө жеткирүү иштери маркумдун жакын туугандары тарабынан аткарылат.
3.3 пункту - Раззаков шаарынын жараны каза болгон учурда көрүстөндүн аймагынан көмүү үчүн
жай ушул Эрежелердин 2.3.- пунктунда көрсөтүлгөн учурдан сырткары каза болгон адамга акысыз берилет. Кыргыз Республикасынын жараны (башка аймактын тургуну) же жарандыгы жок адам каза болуп Раззаков шаарынын аймагындагы көрүстөнгө көмүү зарылчылыгы жаралган учурда шаар мэриясынын тиешелүү кызматы менен макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген кундөн тартып күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.А. Саматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Кабинета Министров КР от 19 августа 2025 года № 502 «Об утверждении Порядка бронирования мест захоронения на кладбищах Кыргызской Республики»Постановление · 19.08.2025 · № 502
- Указ Президента КР от 14 октября 2024 года УП № 296 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Указ · 14.10.2024 · № 296
- Постановление Кабинета Министров КР от 14 февраля 2025 года № 67 "Об утверждении Инструкции о порядке захоронения умерших граждан и установки надмогильных сооружений"Постановление · 14.02.2025 · № 67
- Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги №2 "Раззаков шаарынын аймагында көрүстөндөрдү иштетүү, каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди…Постановление · 24.04.2025 · № 2