Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кенешинин «Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна, тескемелерине жана Жоболоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы) 2025-жылдын 23-сентябры № 3 Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна, тескемелерине жана Жоболоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна, тескемелерине жана Жоболоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Исфана (Азыркы Раззаков) шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 5-июлундагы №8/7 токтомунун 1 жана 2 пункттары күчүн жоготту деп табылсын жана 1 пунктту “Раззаков шаарынын күн чыгыш тарабында жайгашкан №535 контурундагы 13,70га жер тилкесинин ичинен 10,34га жер айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы (АЖМФ) кайрак айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика” категориясына которууга макулдук берилсин” деген сөздөр менен толукталсын. Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 токтомунун 1-пунктундагы “2025” деген сан “2925” деген санга жана “өндүрүштүк” деген сөз “коммерциялык” деген сөздөргө алмаштырылсын. Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги №5 тескемесинин 2-пунктундагы “2,5” деген сан “1,25” деген санга өзгөртүлсүн. Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №1 токтому менен бекитилген Жобосунун темасындагы “Жарлыгынын” деген сөздөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын” деген сөздөр менен жана 5-бөлүмүнө 5.25-пункту кошулуп “Төмөнкү убакыт аралыгында жол берилген деңгээлден ашкан үн-басымы жана ызы-чуу менен коштолгон, анын ичинен музыкалык аспаптарда ойноо, үндү жогорулатуучу ар кандай түзүлмөлөрдү колдонуу менен тойлорду, кечелерди, мааракелерди жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат:
- жумуш күндөру – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү – 22:00дөн 09:00гө чейин” деген сөздөр менен толукталсын.
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
C.А. Саматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 5-июлундагы №8/7 «Исфана шаар мэриясынын аймагындагы (Ведение) 1,0 га жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 12,га кайрак айдоо жерлерин…Постановление · 05.07.2017 · № 8/7
- Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 14.04.2022 · № 1
- Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2025 · № 7