Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 „Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө“ буйругуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __10_апрель__ 2023-ж. / г. № ____85____ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдеринин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында, ошондой эле документти электрондук форматка өткөрүү жана салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүүнүн инновациялык методдорун киргизүү максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдерин жана башка документтеринин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Салык төлөөчү мойнуна алган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы (NEDOIMKA STI-017) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.А.Мурзакматов) иштөө үчүн insp.salyk.kg системасына киргизсин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту иштеп жана аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Б.Алиевге жүктөлсүн.
| Төрага | А.К. Абдувапов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- МСКнын 2025-жылдын 30-октябрындагы № 608 "Карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 30.10.2025 · № 608
- МСКнын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 21.02.2022 · № 66
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 03.04.2023 · № 78
- МСКнын 2022-жылдын 21-февралындагы №66 "Салык кызматынын органынын карызды өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 21.02.2022 · № 66