МСКнын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 568 „Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө“ буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __01 декабря_______ 2025___-ж. / г. № 683________ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 568 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө"буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыйыр салыктарды башкаруунун толуктугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибинин 9-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 568 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салык базасы белгиленген товарлардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О.Осмонов) жаңыланган Тизмекти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНСт толук жана өз убагында башкарууну камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Ушул буйрук 2025-жылдын 2-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Төраганын м.у.а. Б.М.Джиенбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3