МСКнын «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 жана 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 буйруктарына өзгөртүү киргизүү тууралуу» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __17 февраль____ 2025-ж. / г. № 109 | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 жана 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 буйруктарына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда маалыматтык системаларды интеграциялоону ишке ашырууга байланыштуу, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 24-октябрындагы № 283 «Салык органдары тарабынан берилүүчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү, мүлк салыгы боюнча карызы жоктугу/бар экендиги жөнүндө маалымкаттардын формаларын бекитүү тууралуу» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 4-пунктчасы алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 23-сентябрындагы № 386 «Салык органынын Бирдиктүү терезесинин иш регламентин бекитүү жөнүндө» буйрукка төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык органынын бирдиктүү терезесинин иштөө регламентинин 3-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык салык органдарына жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Н.Дж.Умтуловго жана Б.М.Джиенбековго жүктөлсүн.
Төрага A.Н.Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.