МСКнын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __15 мая___ 2026-ж. / г. № __П-216__ | г. Бишкек ш. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобонун 16-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча ишти мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бекитилген административдик регламентине ылайык уюштурсун;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү
(А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.
Төрага А. Н. Шыкмаматов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик салык кызматынын
2026-жылынын 15-майынын №П-216 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүүлүүчү “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 10-главасынын 12-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлөт.
2. Бул кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № П-185 буйругу менен бекитилген тийиштүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарты тарабынан белгиленген негизги параметрлер:
1) кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 1 ай;
2) кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
– үлгүгө ылайык кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз;
– өздүгүн ырастаган документ (паспорт, өздүк күбөлүк);
– ишеним кат (юридикалык жактар үчүн);
– төлөм жөнүндө квитанция.
3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы: акы төлөнүүчү;
4) Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу
жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүүнү өндүрүү төмөнкү жол-жоболордун топтомун камтыйт:
1-таблица
| № | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
| 1 | Арызды кабыл алуу жана каттоо (уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
| 2 | Салык төлөөчүнү жана ККМди каттоо, келишимге кол коюу (уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
| 3 | Келишимди берүү жана түзүлүшкө программалык камсыздоону жүктөө | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3. Жол-жоболордун өз ара байланыш блок-схемасы
5. Кызматты өндүрүүдө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
| Фронт-кеңсе | |
| 1-жол-жобо | |
| 2-жол-жобо | |
| 3-жол-жобо | |
| Бэк-кеңсе | |
4. Жол-жоболордун сыпаттамасы жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
| Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызматтык жак | Кагаз форматындагы аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин жыйынтыгы | |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
| 1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана каттоо | |||||
| 1.1-аракет. Арыздын мазмунун жана тиркелген документтердин тизмесин текшерүү | Аймактык салык органынын жооптуу кызматкери, “Салык Сервис” ММ кызматкери | 4 мүнөт | Кызматтык нускама | А. Арыз жана тиркелген документтер текшерилди, арыз кабыл алууга өткөрүлдү. Б. Төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартылат: - эгерде кандайдыр бир маалымат жок болсо, так эмес баяндалса; -арыз ээсинин же анын өкүлүнүн инсандыгын тастыктаган документ жок болсо; - күрөө кармоочунун өкүлүнө ишеним кат жок болсо; - акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ жок болсо | |
| 1.2-аракет. Арызды кабыл алуу | Аймактык салык органынын жооптуу кызматкери, “Салык Сервис” ММ кызматкери | 1 мүнөт | Кызматтык нускама | Арызды кабыл алуу | |
| 1.3-аракет. Арызды каттоо | 2 мүнөт | Арыз катталды | |||
| 1-жол-жобонун жыйынтыгы: арыздын келип түшүшү | |||||
| 1-жол-жобонун узактыгы: 7 мүнөт | |||||
| 1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | |||||
| Кийинки жол-жобонун саны: 2 | |||||
| Бул жол-жобонун жыйынтыгын кийинки жол-жобону баштоо үчүн өткөрүп берүү ыкмасы: арыз аткарууга кабыл алынды | |||||
| 2-жол-жобо. Салык төлөөчүнү жана ККМди каттоо жана келишимге кол коюу | |||||
| 2.1-аракет. Салык төлөөчүнү жана ККМди каттоо | Аймактык салык органынын жооптуу кызматкери, “Салык Сервис” ММ кызматкери | 20 мүнөт | Кызматтык нускама | “Эсеп” маалыматтык тутумунда салык төлөөчүнү жана ККМди каттоо жүргүзүлдү | |
| 2.2-аракет. Келишимге кол коюу | Аймактык салык органынын жооптуу кызматкери, “Салык Сервис” ММ кызматкери | 10 мүнөт | Кызматтык нускама | Кызматкер техникалык тейлөө келишиминин шаблонун чыгарат, толтурат жана ага кол коюлат | |
| 2-жол-жобонун жыйынтыгы: “Эсеп” тутумунда каттоо жана келишим түзүү | |||||
| 2-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | |||||
| 2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
| Кийинки жол-жобонун саны: 3 | |||||
| Бул жол-жобонун жыйынтыгын кийинки жол-жобону баштоо үчүн өткөрүп берүү ыкмасы: келишимди жана программалык камсыздоону өткөрүү | |||||
| 3-жол-жобо. Келишимди берүү жана программалык камсыздоону түзүлүшкө жүктөө | |||||
| 3.1-аракет. Программалык камсыздоону түзүлүшкө жүктөө | Аймактык салык органынын жооптуу кызматкери, “Салык Сервис” ММ кызматкери | 10 мүнөт | Кызматтык нускама | Программалык камсыздоо түзүлүшкө жүктөлдү | |
| 3.2-аракет. Техникалык тейлөө келишимин берүү | Аймактык салык органынын жооптуу кызматкери, “Салык Сервис” ММ кызматкери | 5 мүнөт | Кызматтык нускама | Келишимге кол коюлду жана кагаз же электрондук түрдө берилди | |
| 3-жол-жобонун жыйынтыгы: Келишим берилди жана программалык камсыздоо жүктөлдү | |||||
| Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөт | |||||
| Жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | |||||
5. Жол-жоболорду аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана каттоо
| 1. Жол-жобонун башталышы | | 4. Арыз кабыл алынды жана каттоого өткөрүлдү | | 5. Арызды каттоо | | 2. Арыздын мазмунун жана документтердин тизмесин текшерүү | | 3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө арыз ээсине кабарлама | | 6. Жол-жобонун аякташы |
2-жол-жобо. Салык төлөөчүнү жана ККМди каттоо
жана келишимге кол коюу
| 1. Жол-жобонун башталышы | | 2.Салык төлөөчүнү жана ККМди каттоо | | 3. Келишимге кол коюу | | 4. Жол-жобонун аякташы |
3-жол-жобо. Келишимди берүү жана программалык камсыздоону ККМге жүктөө
| 1. Жол-жобонун башталышы | | 2. Программалык камсыздоону түзүлүшкө жүктөө | | 3. Келишимди берүү | | 4. Жол-жобонун аякташы |
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы контроль жүргүзүлөт:
1) ички контроль ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жүргүзүлөт;
2) ички контроль администрациялык регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин кызмат адамдары тарабынан сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат;
3) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолудан кем эмес, пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт;
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматтын административдик регламентинин талаптарын бузууларды четтетүү чаралары көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Кызматтын административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн;
2) маалымкат кол коюлган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде бул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жөнөтүлөт.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү чаралары, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик таасир этүү чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгон учурда белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет;
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана анын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аткаруу үчүн аутсорсингге берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик бул кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуу менен бирге жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин юристи Ж.Б. Кыдыралиев.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому…Положение · 19.09.2025 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 22-апрели № П-185 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу…Приказ · 22.04.2026 · № П-185
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139 · Күчүн жоготкон