МСКнын «Салыктык карызды өндүрүү маселелери боюнча чечимдин формасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ | ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ СЛУЖБА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| БУЙРУК ПРИКАЗ | ||
| __26 март__ 2026-ж. / г. № ___138____ | г. Бишкек ш. |
Салыктык карызды өндүрүү маселелери боюнча чечимдин формасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Салык карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 80-беренесине шайкеш келтирүү максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2022-жылдын 28-мартындагы № 129 “Салык кызматы органынын карызын өндүрүү менен байланышкан чечимдердин жана башка документтердин формаларын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө чечиминин
(NEDOIMKA STI-030) формасы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) бекитилген чечимдин формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын жана аны insp.salyk.kg тутумуна киргизсин.
3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.М. Рахмановго жүктөлсүн.
Төрага А. Н. Шыкмаматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3