Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Миграция чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 24-майында кабыл алынган.
Мыйзам миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.
Алсак, Мыйзам «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча Бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Ошондой эле, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүүгө багытталган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана статусун ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы…Закон · 30.06.2023 · № 129