“Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Салыктык түшүүлөрдү адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине аларды чегерүүнүн төмөнкүдөй пропорциялары каралган Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары – пилоттук долбоор) өткөрсүн:
1) сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы;
2) бирдиктүү салыктын 15 пайызы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) пилоттук долбоордун алкагында салыктык түшүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын жана киргизсин;
2) пилоттук долбоор аяктагандан кийин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана аны кеңейтүү мүмкүндүгү боюнча сунуштарды киргизсин;
3) Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ош шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 185 "Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду…Указ · 25.05.2026 · № 185