Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 25-майы № 185
Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө
Салыктык түшүүлөрдү адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине аларды чегерүүнүн төмөнкүдөй пропорциялары каралган Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду (мындан ары – пилоттук долбоор) өткөрсүн:
1) сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы;
2) бирдиктүү салыктын 15 пайызы.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) пилоттук долбоордун алкагында салыктык түшүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын жана киргизсин;
2) пилоттук долбоор аяктагандан кийин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана аны кеңейтүү мүмкүндүгү боюнча сунуштарды киргизсин;
3) Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ош шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241