“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын жакшыртуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин өлчөөдө, санариптештирүү процесстерин толук өнүктүрүүдө, коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана коррупцияга келишпестик атмосферасын түзүүгө багытталган билим берүү, маалыматтык – профилактикалык иштерди уюштурууда орун алган кемчиликтерди жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу болуп эсептелет.
Мыйзам төмөнкүлөрдү караган ченемдерди камтыйт:
– жөнгө салуунун предметин, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаттарын жана милдеттерин, терминдердин маанисин ачып берүүчү жана түшүнүксүз мазмунга жол бербеген жана кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн минималдаштырууга түрткү берген терминдердин түшүнүгүн;
– коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин чөйрөсүн жана алардын милдеттерин, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функцияларын жана милдеттерин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын милдеттерин;
– коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жана анын кесепеттерин минималдаштыруу жана жоюу боюнча чараларын;
– коррупцияга байланыштуу кылмыштардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга, ал эми кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга байланышкан укук бузуулардын реестрин жүргүзүүнү мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөөнү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.