“Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3548-VII “VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө” токтомду кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамынын 140-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.
Ошону менен бирге колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таркаткан учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бюджеттик системалардын бюджеттеринин негизги параметрлерин өзгөртүү боюнча чечимдерин кабыл алуу жана аткаруу боюнча ченемдер белгиленбегендигин белгилей кетүү зарыл, бул кийин социалдык маанилүү жана мамлекеттик муктаждыктарга каражаттарды бөлүү маселелерин чечүүдө кыйынчылыктарга алып келет.
Ушуга байланыштуу бюджеттик системанын бюджеттеринин социалдык маанилүү жана артыкчылыктуу чыгашаларын туруктуу жана өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311 -беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин биринчи жыйналышына чейин учурдагы бюджеттик жылдын республикалык бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин кабыл алууну жана аткарууну убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режими киргизилсин.
2. Бул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режиминин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат жана аткарат деп белгиленсин:
1) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз республикалык бюджеттин негизги параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле учурдагы бюджеттик жылдын чыгымдарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө;
2) “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз Социалдыкфонддун бюджетинин негизги параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле учурдагы бюджеттик жылдын чыгымдарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө;
3) “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин негизги параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле учурдагы бюджеттик жылдын чыгымдарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө.
3. Эгерде “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору учурдагы жылдын аягына чейин бекитилбесе, Социалдык фонд ал бекитилгенге чейин 2026-жылдын 1-январынан тартып ал күчүнө кирген учурга чейин бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.
4. Эгерде “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору учурдагы жылдын аягына чейин бекитилбесе, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ал бекитилгенге чейин 2026-жылдын 1-январынан тартып ал күчүнө кирген учурга чейин бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын чыгымдарды жүргүзүүгө укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине бул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (8)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3548-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.09.2025 · № 3548-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябры ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.09.2025 · № 272
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндөЗакон · 23.01.2026 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-октябрындагы ПЖ № 295 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга…Указ · 23.10.2025 · № 295
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети…Закон · 20.01.2026 · № 4