Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.А. Азыгалиев, М.Дж. Саккараев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары – Мыйзам) каршы пикирлери менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайтарды.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын негизги ченеми – эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу.
Каршы пикирлер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалды.
Эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келет (Аялдарды дискриминациялоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1996-жылдын 25-январындагы № 320-1 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1996-жылдын 6-мартындагы № 257-1 кошулуу жөнүндө токтомдору), Бала укуктары жөнүндө конвенциянын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII кошулуу жөнүндө токтому), мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерин жактагандыгынбилдирет, аялдарды жана балдарды укуктук жанасоциалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года №1402-XII "О присоединении к Конвенции о правах ребенка"Постановление · 12.01.1994 · № 1402