Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – УББР АМС) процесстерин координациялоонун жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары – ИИО) ишмердигин оптималдаштыруу болуп саналат.
Тактап айтканда, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
- УББР АМСтин ээси катары ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды аныктоо;
- Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитүү;
- Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү, ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзүү жана башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берүү боюнча ИИОнун ыйгарым укуктарын кеңейтүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз…Закон · 11.06.2025 · № 116