Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, „Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-июну № 116
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 55-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) ээси болуп ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган саналат.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) 452-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын: "27) Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга, ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзүүгө жана белгиленген тартипте башка ведомстволорго жана инстанцияларга маалыматтарды берүүгө.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 21-майында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3084-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 21.05.2025 · № 3084-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3093-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө…Постановление · 14.05.2025 · № 3093-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3094-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө…Постановление · 21.05.2025 · № 3094-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майы № 3092-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине…Постановление · 21.05.2025 · № 3092-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майы № 3092-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине…Постановление · 21.05.2025 · № 3092-VII
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 12.06.2025
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII