Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү
Мамлекеттик кызмат · «Кызмат» мамлекеттик мекемеси · Бөлүм: ЖААК
Баасы 623 сом
Сүрөттөмө жана алуу тартиби Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар болуп жарандык абалдын актыларынан күбөлүктүн жоголгон, бузулган, бланкы эскирген, ламинацияланган, тексти жана/же мөөрү окулбаган учурларда алуу үчүн кайрылган жарандар саналат.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет:
• жашы жеткен учурда, жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамга;
• камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилген учурда, эмгекке жарамсыз деп таанылган камкорчу адамдарга;
• туугандык байланышын ырастоочу документтер (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) берилген учурда, өлгөн адамдын жакын тууганына;
• эгерде туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө;
• жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укуктуу адамдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда башка адамга.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилбейт:
• ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
• никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - никелешүү тууралуу күбөлүк.
Баасы: Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү — 513 сом + 110 сом бланк Үйгө жеткирүү (онлайн тапшыруу учурда) — 143 сом
Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
• калкты тейлөө борборлорунда (КТБ);
• КР чет өлкөлүк мекемелеринде;
• «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн - электрондук санариптик кол тамганын жана eID КР паспортунун болушу милдеттүү шарт болуп саналат.
Жарандык абалдын актыларын жазуулары «ЖААК» АМТда жок болгон учурда жарандык абалдын актыларын жазуу жайгашкан жер боюнча «ЖААК» АМТ аркылуу суроо-талап жөнөтүлөт, ал үч жумушчу күндүн ичинде санариптештирилет.
Документтерди санариптик форматта «Түндүк» тиркемесинде берүүгө болот.
Алуу тартиби
1. Күбөлүктү үйгө жеткирүү же жеткирүүдөн баш тартуу
2. «Түндүк» мобилдик тиркемесине кирүү
3. Талап кылынган кайра алынуучу жарандык абалдын акты күбөлүктүн түрүн көрсөтүү
4. Аты-жөнүн, электрондук почтасынын дарегин, телефон номерин көрсөтүү
5. Арызды каттоо жана күбөлүк алуу үчүн КТБны тандоо
Кайда кайрылуу керек Call-центр 119 «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин сайты: https://gukyzmat.gov.kg/categories/3/services/37
Булак мамлекеттик органдын маалымдама маалыматы; актуалдуулугун булактан текшериңиз https://gukyzmat.gov.kg/categories/3/services/37
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.