КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 “Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газдаштыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 “Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча “имараттарынын ар бир батирин” деген сөздөр “имараттарын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча “имараттарынын ар бир батирин” деген сөздөр “имараттарын” деген сөз менен алмаштырылсын;
2-пунктундагы “ар бир батирди” деген сөздөр “өзүнчө турган, улап курулган жана чатырдагы отказандарын пайдалануу менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча “имараттарынын ар бир батирин” деген сөздөр “имараттарын” деген сөз менен алмаштырылсын;
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 "Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо…Постановление · 02.07.2015 · № 438
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон