Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-июлу № 438 Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Табигый газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобого ылайык бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу объекттеринин тизмегин түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Положение о специальных технических условиях на проектирование и строительство систем газоснабжения для пищеприготовления и поквартирного отопления жилых зданий высотой от 11 до…Положение · 02.07.2015 · № 438
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 "Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир…Постановление · 23.11.2016 · № 609
- Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу…Положение · 02.07.2015
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 токтомуПостановление · 23.11.2016 · № 609
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №46 "Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2009 · № 46
- 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.12.2013 · № 223
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.