КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги алты айлык мөөнөттө мурда катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 410 «Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн жыйымдарды алуунун тартиби жана анын өлчөмдөрү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун
1-пункту.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 19 августа 1992 года №410 "О порядке регистрации, взимания и размерах сборов за выдачу свидетельств о регистрации средств массовой информации в…Постановление · 19.08.1992 · № 410 · Күчүн жоготкон
- Массалык маалымат каражаттары жөнүндөЗакон · 02.07.1992 · № 938-XII · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2017 · № 340 · Күчүн жоготкон