КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун ченемдерин тартипке келтирүү максатында, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктунун жетинчи абзацы “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “(, ошондой эле жазаларды аткаруу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын түн ичинде кызмат өтөөчү аскер кызматчылары)” деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган токтомдун 8-тиркемесинин аталышы “аскер кызматчылары” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түн ичинде кызмат өтөөчү аскер кызматчылары” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаменти ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Постановление Правительства КР от 17 октября 2002 года №706 "О нормах продовольственного пайка военнослужащих Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 17.10.2002 · № 706 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон