КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 “Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чачынды алтынды жекече чайкоо ыкмасы менен казып алууга уруксат берилген эркин рентабелдүү эмес жана иштетилген чачынды участоктордун, тик бурчтуу бурчтук координаталары бар алтын кендеринин жана аянтчаларынын тизмесине ачык жетүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 “Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун биринчи абзацы “30 календардык күндүн ичинде берилет” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат” деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункту “30 календардык күндүн ичинде берилет” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 23.07.2015 · № 524
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон