Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 23-июлу № 524 Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-октябры № 723, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Чачынды алтынды жекече казып алуу боюнча ишти тартипке келтирүү, алынган металлды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы бөлүкчө менен толукталсын:
"
Баалуу металлдар департаменти
1
Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтылган концентратты сатып алууга, сатууга уруксатты
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
";
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик" деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"
1
Аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кендердин жана тоо тектеринин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык сынамдарды Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө жана чегинен сыртка ташып чыгууга уруксатты
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
".
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-октябры № 723 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтылган концентратты сатып алууга уруксат берүүнүн тартибин аныктоочу жобонун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген ырааттуулукка ылайык баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жана алардын башка өлкөлөргө контрабандасынын каналдарын жабуу боюнча чараларды көрүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын аймагында жекече алтын казып алуучулук жана кум түрүндөгү алтынды кабыл алууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 токтому менен…Положение · 23.07.2015 · № 524
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 524 "Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып…Постановление · 16.02.2017 · № 108
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2015 · № 723
- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 января 2008 года №30 "Об утверждении Положения об индивидуальной старательской добыче золота и организации приема шлихового золота на…Постановление · 29.01.2008 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-февралындагы № 108 токтомуПостановление · 16.02.2017 · № 108
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2015 · № 723
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Постановление Правительства КР от 29 января 2008 года №30 "Об утверждении Положения об индивидуальной старательской добыче золота и организации приема шлихового золота на…Постановление · 29.01.2008 · № 30 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 30-декабрындагы №733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 733 · Күчүн жоготкон