КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобонун 2018-жылдын
1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиешелүү чечимдери менен аныктала тургандыгы жөнүндө ченемди караган “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
23-сентябрындагы № 584 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 7 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 13.03.2018 · № 132 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө" УБАКТЫЛУУ ЖОБО (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120…Положение · 24.02.2017 · № 120 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.09.2011 · № 584 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 28.02.2017 · № 120 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 токтомуПостановление · 13.03.2018 · № 132
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун…Постановление · 20.06.2017 · № 391 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.09.2011 · № 584 · Күчүн жоготкон