Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө» УБАКТЫЛУУ ЖОБО (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 марта 2018 года № 132 "Об утверждении Временного положения об использовании средств резервного фонда Премьер-министра Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-03-13.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Тиркеме
Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык) УБАКТЫЛУУ ЖОБО
Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык республикалык бюджетте жыл сайын түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун (мындан ары – резервдик фонд) каражаттарын пайдаланууну аныктайт.
2. Резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү
2. Резервдик фонддун каражаттары төмөнкүлөрдү камтыган социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды финансылык камсыздоого пайдаланылат:
- табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдардын убагында финансылык маселелерди ыкчам чечүүнү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка жерлердеги окуялардын ардагерлерине, катышуучуларына, эмгектин ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлердин ысымын түбөлүккө калтырууну;
- калктын оор турмуштук кырдаалга туш болгон социалдык аялуу катмарынын ичинен жарандардын айрым категорияларына, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;
- спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө финансылык колдоо көрсөтүүнү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат менен байланышпаган ишине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан сыйлоого байланышкан иш-чараларды каржылоого;
- олуттуу социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык кечиктирбестен каржылоону талап кылынган башка максаттарга.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар саналат.
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттер резервдик фонддон финансылык каражаттарды бөлүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине кайрылышат. Кайрылууда каражаттарды түпкү алуучулар, каражаттар жумшалуучу иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө толук маалымат камтылууга тийиш. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдардан ырастоочу документтерди талап кылууга укуктуу.
Аталган кайрылууларды оң жагына кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө чечиминин долбоору даярдалат.
5. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кабыл алынат.
6. Резервдик фонддун каражаттары мамлекеттик органдар өз иштерин жүргүзүшкөндө жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларга, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон иш-чараларга, ошондой эле төмөнкү максаттарга пайдаланылбайт:
1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин иштерин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
4) мамлекеттик органдардын ишин күндөлүк материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо боюнча иш-чараларга.
3. Каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
7. Резервдик фонддун каражаттары алар аркылуу каржылануучу мамлекеттик органдар резервдик фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Резервдик фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышына жана калган калдыгына мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттары алар аркылуу каржылануучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарынын пайдаланылышы боюнча отчет түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте беришет.
10. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 13.03.2018 · № 132 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 токтомуПостановление · 24.02.2017 · № 120
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-марты № 133 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 14.03.2017 · № 133
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 28.02.2017 · № 120 · Күчүн жоготкон