КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004-жыл) жана 1977-резолюциясын (2011-жыл) натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
- Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Иш-аракеттер планын өз учурунда жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иш-аракеттер планынын бекитилгендиги тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-комитетине кабарласын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 144 “Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 144 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү…Постановление · 22.03.2013 · № 144 · Күчүн жоготкон