Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 июля 2017 года № 443 "Об утверждении Плана действий Кыргызской Республики по выполнению резолюции 1540 Совета Безопасности Организации Объединенных Наций на 2017-2019 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-07-24.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 22-марты № 144 Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004-жыл) жана 1977-резолюциясын (2011-жыл) ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:
- Иш-аракеттер планын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-аракеттер планын аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда айтылган Иш-аракеттер планы кабыл алынгандыгы тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-комитетине кабарласын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын
ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2004-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган 1540-резолюциясы (2004) массалык кыйратуучу куралдын таралышына жол бербөө мүмкүнчүлүгүн камтыган маанилүү эл аралык-укуктук жана саясий документ болуп саналат. 1540-резолюциянын негизги максаты - массалык жок кылуучу куралдын (мындан ары - МЖК) жана аны жеткирүү каражаттарынын мамлекеттик эмес субъекттердин, өзгөчө террористтердин колуна тийишине жол бербөөчү улуттук деңгээлдеги натыйжалуу тоскоолдуктарды түзүү. Резолюцияда мыйзамдык базаны жана укук колдонуу практикасын чыңдоо боюнча улуттук деңгээлде Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин бардыгы ишке ашырууга тийиш болгон практикалык чаралар каралган. Көрсөтүлгөн чаралар, барынан мурда, МЖКга тиешелүү материалдарды жана жеткирүү каражаттарын эсепке алууну, алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууну, ошондой эле экспорттоого жана чек аралар аркылуу алып өтүүгө контролдукту, ошондой эле мындай материалдарга карата мыйзамсыз жүгүртүүгө жана ортомчулукка бөгөт коюуну жана каршы аракеттенүүнү карайт. Документ МЖКны жана аны жеткирүү каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө чөйрөсүндөгү күч-аракеттерди региондук жана эл аралык деңгээлдерде координациялоого багытталган. Тышкы жана ички саясатынын негизин түзүүчү принциптердин бири массалык жок кылуучу куралдарды таркатпоо принцибин жактоо болуп саналган Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын (2004) колдойт жана аны ишке ашыруу боюнча ырааттуу чараларды көрөт. Ядролук, химиялык, биологиялык куралга жана аларды жеткирүү каражаттарына ээ болбогон Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына ылайык экспорттук контролдун улуттук системасын бекемдөөгө жана МЖКны иштеп чыгууга жана даярдоого көмөк көрсөтүүчү материалдарды жана жабдууларды алып өтүүнү көзөмөлдөө жана контролдоо системасын күчөтүүгө багытталган чараларды ишке ашырууда. Кыргызстан массалык кыйратуучу куралдарды таркатпоо жаатында төмөнкүдөй негизги эл аралык келишимдерди: 1993-жылдагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, запасын топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны, Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны, Ядролук куралды таркатпоо жөнүндө келишимди, Ядролук куралды таркатпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик менен макулдашууну жана Ядролук куралды таркатпоо жөнүндө келишимге байланыштуу макулдашууга карата Кошумча протоколду, Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин зона жөнүндө келишимди, Иштелип бүткөн отунду колдонуунун коопсуздугу жөнүндө жана радиоактивдүү калдыктарды колдонуунун коопсуздугу жөнүндө Бириктирилген Конвенцияны ратификациялаган. Аталган эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды имплементациялоо боюнча үзгүлтүксүз негизде иш жүргүзүлүүдө. 2003-жылы январда экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын ишинин укуктук негиздерин белгилеген "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлган. Бул Мыйзамды ишке ашырууда, Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду ишке ашыруу тартибин аныктоочу бир катар мыйзамга негизделген актылар кабыл алынган. Донор өлкөлөр менен бирге радиоактивдүү материалдарды чек арада алып өтүүлөргө контролду камсыздоо боюнча практикалык иш жүргүзүлүүдө. Эл аралык стандарттарга ылайыктуу жана МЖКга жана аны жеткирүү каражаттарына тиешелүү товарларды жана технологияларды колдонууга майнаптуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуучу, мындай куралга жана ага тиешелүү материалдарды алууга жетишүүгө далалат кылган мамлекеттик эмес субъекттердин жолуна бекем бөгөт коюучу экспорттук контроль системасын Кыргызстанда түзүү үчүн мыйзамдар жаатында ишти улантуу жана күчөтүү мамлекеттик башкаруунун ар кандай органдарынын үзүрлүү эриш-аркак аракеттенүүсүн талап кылган практикалык аракеттер зарыл. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын ишке ашырууга тартылган бардык мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттерине жетишүү жана резолюцияны толук көлөмдө аткарууну камсыз кылуу, ар кандай коркунучтарды таркатпоого жана бөгөт коюуга көмөктөшүү ишинде улуттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу максатында, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясы тийиштүү мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөлөр тарабынан, анын жоболорун аткарууда көмөк көрсөтүүнү талап кылган башка мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү карай тургандыгын эске алып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Иш-аракеттеринин ушул планы иштелип чыкты.
| № | Милдеттер | Иш-чаранын аталышы | Жооптуу орган | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2-беренесин ишке ашырууда | |||||
| 1.1. Улуттук мыйзамдар | |||||
| 1 | Экспорттук контроль жаатында мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жана админист- рациялык жоопкерчиликти белгилөө | "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ | 2013-ж. 4-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде, эл аралык уюмдар тарабынан эксперттик колдоо |
| 2. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 2, 3, 6 жана 8-беренелерин ишке ашырууда | |||||
| 2.1. Улуттук мыйзамдар | |||||
| 2 | Кыргызстандын эл аралык милдеттенмеле- рин аткаруусун камсыз кылуу жана тизмедеги химиялык заттарды контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү максатында Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарын ХКТКнын жоболоруна ылайык келтирүү | Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запасын топтоого, колдонууга тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча чараларды караштырган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ | 2013-ж. 3-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 3 | БУККнын жоболорун толук көлөмдө Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу ├───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤ ├───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤ | Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу БУККнын максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык иш-чараларды (форумдарды, жыйындарды, коомдук талкууларды) өткөрүү Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ, ССМ ЭМ, ТИМ, ССМ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) ЭМ, ССМ, АЧММ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | 2013-ж. 4-квартал 2013-ж. 4-квартал 2014-ж. 2-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде Донордук жардамдарды тартуу Эксперттик колдоо зарыл |
| 4 | МЖКны таркатууга кирген максаттуу санкцияларды кабыл алуу | Улуттук мыйзамдарга ФАТФтын 7-рекомендациясын имплементациялоо боюнча чараларды көрүү (акчаны адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу (FATF)) | ФЧМК, ЭМ | 2013-ж. 3-квартал | Эксперттик колдоо зарыл |
| 3. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 3-беренесин ишке ашырууда | |||||
| 3.1. Улуттук мыйзамдар | |||||
| 5 | Ядролук материалдардын заттык корголушу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасы- нын кошулуусунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо | Ядролук материалдардын заттык корголушу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени талкуулоо ("тегерек столдорду", ведомстволор аралык жолугушууларды өткөрүү) | ТИМ, КЧКТМА | 2013-ж. 2-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 3.2. Практикалык аракеттер | |||||
| 6 | Ядролук жана башка радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз орун алмаштыруулар- га жол бербөө ├───────────────────┤ ├─────────┼───────────┤ ├───────────────────┤ ├─────────┼───────────┤ ├───────────────────┤ ├─────────┤ ├───────────────────┤ ├─────────┤ | 1. "Кайрагач", "Кызыл-Бел" өткөрмө пункттарын, "Манас" аэропортун (VIP терминалын), Бажы кызматынын кесипкөйлүк жана кинологиялык борборун радиациялык порталдык мониторлор менен жабдуу 2. РПМ менен жабдылууга тийиш болгон өткөрмө пункттарынын артыкчылыктарын аныктоо 3. РПМди андан ары орнотуу үчүн артыкчылыктуу өткөрмө пункттарын инфраструктуралык камсыздоо маселелерин чечүү 4. Портативдик дозиметрикалык приборлордун керектүү санын аныктоо 5. Бажы органдарын жабдуу үчүн портативдик дозиметрикалык приборлорду сатып алуу | МБК | 2013-ж. 4-квартал 2013-ж. 4-квартал 2013-ж. 4-квартал 2013-ж. 4-квартал 2014-ж. 2-квартал | Донордук колдоо бар Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде Донордук жана техникалык жардамдарды тартуу зарыл |
| 7 | Ядролук материалдарды жана радиоактивдүү нурлануу булактарын контролдоону эсепке алууну камсыздоо | Радиоактивдүү нурлануу булактарын инвентаризациялоону жүргүзүү, РНБнын тизмесин түзүү | КЧКТМА, ССМ | 2013-ж. 4-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 8 | Радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, уран жана түстүү металл өнөр жайынын тоо кен калдыктарын заттык коргоону камсыз кылуу | 1. Биринчи кезекте заттык коргоону талап кылган радиоактивдүү материалдарды көмүү пункттарын аныктоо 2. Радиоактивдүү материалдарды көмүү пункттарын айлана-чөйрөдөн бөлүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, ал боюнча иш жүргүзүү жана мындай көмүүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн оптималдуу системасын уюштуруу | ӨКМ, КЧКТМА | 2015- жылга чейин | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 4. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 6-беренесин ишке ашырууда | |||||
| 4.1. Улуттук мыйзамдар | |||||
| 9 | Экспорттук контролдонууга тийиш болгон материалдарды экспорттоого, импорттоого, транзиттик алып өтүүгө, реэкспорттоого жана ар кандай берүүлөргө улуттук деңгээлде натыйжалуу, талаптагыдай контролду орнотуу | "Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукциялардын улуттук контролдук тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ, КРӨнүн 2007-ж. 24-нояб- рындагы № 489-б буйругу менен түзүлгөн экспорт- тук контроль боюнча ведомст- волор аралык жумушчу топ | 2012-ж. 3-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 10 | Кош багыттагы товарлардын контролдонуучу продукциялары- нын тизмесин актуалдаштыруу | Кыргыз Республикасынын контролго алынуучу продукцияларынын контролдук тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ЭМ | Туруктуу негизде (зарылды- гына жараша) | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 5. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 7-беренесин ишке ашырууда | |||||
| 5.1. Донорлордон жана эл аралык уюмдардан техникалык жардамдарды суроо | |||||
| 11 | БУУ ККнын 1540-резолю- циясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасы- нын Иш-аракеттери- нин ушул планында камтылган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн каржылоо, эксперттик жана техникалык жардам маселелерин иштеп чыгуу | БУУ ККнын 1540-резолюциянын талаптарын аткарууга көмөк көрсөтүү жөнүндө резолюциянын 7-беренесине ылайык донор өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ачык-айкын суроолорду түзүү жана жөнөтүү | ЭМ, МБК, МЧАК, ӨКМ, ССМ, ТИМ, КЧКТМА | Дайыма | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 6. БУУ ККнын 1540-резолюциясынын 8-беренесин ишке ашырууда | |||||
| 6.1. Улуттук мыйзамдар | |||||
| 12 | Идентификация- лык борборлорду (эксперттик уюмдарды) түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин аныктоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долборун иштеп чыгуу | ЭМ, МБК, УИА, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | 2013-ж. 3-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 13 | Экспорттук контролдонууга тийиш болгон материалдарды жана технологиялар- ды өндүрүүдө, колдонууда же ташууда тиешелүү эсепке алууну жана сактоону камсыз кылуу | Экспорттук контроль боюнча фирма ичиндеги типтүү программаларды иштеп чыгуу | ЭМ, ЭӨМ | 2013-ж. 4-квартал | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 14 | Радиациялык материалдар жана иондук нурлануу булактары боюнча Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарын эл аралык талаптарга шайкештөө | Радиоактивдүү материалдар жана иондук нурлануу булактары боюнча мыйзамга негизделген ченемдик-техникалык актыларды (техникалык регламенттер ж.б.) иштеп чыгуу | КЧКТМА | 2015- жылга чейин | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 6.2. Практикалык аракеттер | |||||
| 15 | Кыргыз Республикасы- нын 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 193 Мыйзамы менен ратификация- ланган Ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга карата Кошумча протоколго ылайык милдеттенме- лерди Кыргыз Республикасы- нын аткаруусу | Кошумча протоколдун 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын алгачкы билдирүүсүн жаңыртууну камтыган ар жылдык отчетун даярдоо жана АЭЭААга жөнөтүү | ЭМ, ССМ, ӨКМ, ТИМ, КЧКТМА | Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майына чейин | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 16 | БУУ ККнын 1540-резолю- цияны ишке ашырууга тартылган министрликтер- дин жана ведомстволор- дун кызматкерлери- нин квалификация- ларын жогорулатуу, ошондой эле тышкы экономикалык иштин катышуучулары- нын маалымдуулугун арттыруу | 1. Мамлекеттик түзүмдөрдөн алардын кызматкерлерин жана тышкы экономикалык иштин кызматкерлерин жана катышуучуларын окутуу боюнча сунуштарды жыйноо. 2. Окутуучу семинарлардын, тренингдердин жана форумдардын конкреттүү темаларын жана пландарын жалпылоо жана донор уюмдардын кароосуна берүү. 3. Семинарларды, тренингдерди жана форумдарды уюштуруу жана өткөрүү | ЭМ, МБК, МЧАК, КМ, ССМ, АЧММ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | 2013-ж. 2-квартал 2013-ж. 3-квартал Үзгүлтүк- сүз негизде | Донордук жардамдарды тартуу |
| 17 | Маалыматтык ресурстарды ТЭИнин катышуучулары- нын, ишкердик субъекттеринин алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу | Массалык жок кылуучу куралдарды таркатпоо жагында эл аралык келишимдердин, улуттук мыйзамдардын маалыматтар базасы түрүндө Web-порталын, тышкы экономикалык иштин катышуучуларына жардам катары маалымдама материалдарды түзүү | УИА, ЭМ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | 2013-ж. 4-квартал | Донордук жардамдарды тартуу |
| 18 | МЖК жасоодо пайдаланышы мүмкүн болгон ядролук, химиялык жана бактериология- лык материалдарды ├───────────────────┼─────────┼─────────┼───────────┤ өз убагында табуу жана идентификация- лоо үчүн техникалык база түзүү | Ядролук, биологиялык жана химиялык каражаттарга талдоо жүргүзүү үчүн көчмө лабораториялар системасын түзүү Биологиялык жана химиялык коргоо каражаттары менен укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын атайын кызматтарын камсыздоо | ЭМ, ССМ, УИА, МБК, МЧАК МЧАК, ИИМ, ӨКМ, ССМ | 2015-ж. 4-квартал 2015-ж. 4-квартал | Донордук жардамдарды тартуу Донордук жардамдарды тартуу |
| 19 | Өткөрмө пункттардан сырткары экспорттук контролдонууга тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасы- нын мамлекеттик чек аралары аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө жол бербөө | 1. Мамлекеттик чек аралардын биринчи кезекте техникалык модернизациялоону талап кылуучу участокторун аныктоо. 2. Мамлекеттик чек аралардын участокторунун инженердик жабдылышын модернизациялоо жана аларды коргоонун техникалык каражаттары менен жабдуу | МЧАК | 2015- жылга чейин | Донордук жана техникалык жардамдарды тартуу |
| 20 | Радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук маселелери боюнча МБК, ИИМ жана МЧАК кызматкерлери үчүн үзгүлтүксүз окутуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо | Бажы кызматынын, укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын аскер кызматчыларын окутуу боюнча интерактивдүү Web-порталын түзүү | УИА, МБК, МЧАК, ИИМ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | 2014- жылга чейин | Донордук жана техникалык жардамдарды тартуу |
| 21 | Массалык кыйратуучу куралдардын таркатылышын алдын алуу боюнча, ошондой эле террорчулукка каршы аракеттенүү боюнча өлкөдөгү окуялар, ниеттенүүлөр жана иш-чаралар тууралуу 1540-Комитетке өз убагында кабарлоо | Мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, ошондой эле БУУ ККнын 1373 жана 1390-резолюцияларын кошо алганда, 1540-резолюциясы колдонулуучу чөйрөлөрдөгү көрүлгөн чаралар тууралуу үзгүлтүксүз отчетторду жана ыкчам маалыматтарды берүү | ЭМ, ССМ, КМ, МБК, МУКК, ФЧМК, МЧАК, ИИМ, ӨКМ, ТИМ аркылуу | Үзгүлтүк- сүз негизде | Бөлүнгөн бюджеттик акча каражат- тарынын чегинде |
| 22 | Экспорттук контролдонууга тийиш болгон товарларды квалификация- лык идентификация- лоону камсыз кылуу үчүн эксперттик уюмдарды түзүү | Жабдуулар менен камсыз кылууда жана идентификациялык борбордун адистерин окутууда техникалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу | УИА, ЭМ, ТИМ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | 2015- жылга чейин | Донордук жана техникалык жардамдарды тартуу |
| 23 | Коомчулукка БУУ ККнын 1540-резолю- циясынын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымдоо (транспарент- түүлүк, жарандык, илимий жана бизнес коомчулуктары, масс-медиа менен иштөө) | Маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү, маалыматтарды таркатуу, телеберүүлөрдү, документалдуу фильмдерди, роликтерди тартуу жагында өкмөттүк эмес сектор менен иштөө | ЭМ, ТжЭКБ (макулда- шуу боюнча) | Донордук жардам- дарды тартууга жараша үзгүлтүк- сүз негизде | Донордук жардамдарды тартуу |
Пайдаланылган кыскартуулардын
ТИЗМЕСИ
АЧММ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги АЭЭАА - Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик БУКК - Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенция БУУ КК - Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги КМ - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги КЧКТМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы МЖК - Массалык жок кылуучу курал МУКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети МЧАК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги РНБ - Радиоактивдүү нурлануу булактары РПМ - Радиациялык порталдык мониторлор ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ТжЭКБ - "Таркатпоо жана экспорттук контроль проблемалары боюнча борбор" коомдук фонду ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ТЭИ - Тышкы экономикалык иш УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ФАТФ - Акчаны адалдоого каршы күрөшүүнүн финансы чараларын иштеп чыгуу тобу The Fi№a№cial Actio№ Task Force (FATF) ФЧМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы ХКТК - Химиялык куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана ууландыруучу куралдардын запасын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенция ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ЭӨМ - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер…Постановление · 24.07.2017 · № 443 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 443
Шилтеме берет (3)
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер…Постановление · 24.07.2017 · № 443 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон