КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин «Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
- 6-пункттун в) пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «жана кылмыш», бешинчи абзацындагы «жана кылмыштар» деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын тизмесинде:
1-пунктта:
- экинчи сап алып салынсын;
- «Кызмат орду» графасынын үчүнчү жана төртүнчү саптарындагы «улук тергөөчү» жана «өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү» деген сөздөр алып салынсын.
2-пункттун 3-пунктчасындагы:
- «Кызмат орду» графасынын биринчи, экинчи жана үчүнчү саптарындагы «тергөөчү», «улук тергөөчү» жана «өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү» деген сөздөр алып салынсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 767
- Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам…Закон · 28.07.2017 · № 162
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон