КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламенти жөнүндө
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын тартибин белгилөө жана өз ара байланышын координациялоону камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 9-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир жумалык мөөнөттө Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламентин Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнө жиберсин.
Эл аралык валюта фондуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кат алышууда (отчеттор, материалдар, каттар) жумушчу тил катары орус тилин колдонуу сунушталсын.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
______________ С.Ж.Исаков ____________ Т.С. Абдыгулов
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүучолугу жонундоЗакон · 13.08.2004 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон