КР Министрлер Кабинетинин 14.09.2026-ж., № 615 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Мунай жана мунай продуктулары чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
– биринчи абзацта «2710 коду» деген сөздөр «2710, 2711 жана 2901 коддору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасында белгиленген шарттарга ылайык кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетилген продуктулардан тышкары,Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин уруксатынын негизинде жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизүү шартында бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү үчүн нафтаны, мазутту жана меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пунктчалар менен толукталсын:
«4) «Чайна Петроль Компани «Джунда»жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өндүрүлгөн, жалпы көлөмү 4 800 (төрт миң сегиз жүз) тоннадан ашпаган экспортко ташып чыгарылуучу меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
5) ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 19 820 0, 2710 19 840 0, 2710 19 880 0, 2710 19 980 0коддору менен классификацияланган майлоочумайларды, гидравликалык суюктуктарды жана башка майлоочу материалдарды, көрсөтүлгөн товарлар мотор отуну катары колдонууга арналбаган шартта.».
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдо каралган өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна, Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Тиркеме 2
Тиркеме 3
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынан Өкмөтунун 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2021 · № 66