Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынан Өкмөтунун «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-марты № 66
Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708, 2023-жылдын 24-июлундагы № 368, 2024-жылдын 6-августундагы № 458 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645, 2026-жылдын 30-январы № 48 , 2026-жылдын 7-мартындагы № 159 , 2026-жылдын 13-июлундагы № 484, 2026-жылдын 8-августундагы № 531, 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 615 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ички рынокто мунай жана мунай продуктуларынын жетишсиздигин болтурбоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин төмөнкүлөрдү кошпогондо, мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификацияланган) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710, 2711 жана 2901 коддору менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан автомобиль жана темир жол транспорту менен ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу белгиленсин:
1) «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн жана 2026-жылдын 13-июлуна чейин түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гана экспортко чыгарылуучу жалпы көлөмү 4 212,486 тонна мазутту (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасында белгиленген шарттарга ылайык кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетилген продуктулардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин уруксатынын негизинде жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизүү шартында бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү үчүн нафтаны, мазутту жана меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тапшырмасы болгон учурда бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган мунайды жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709, 2710 коду менен классификацияланган).
4) «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өндүрүлгөн, жалпы көлөмү 4 800 (төрт миң сегиз жүз) тоннадан ашпаган экспортко ташып чыгарылуучу меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);
5) ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 19 820 0, 2710 19 840 0, 2710 19 880 0, 2710 19 980 0 коддору менен классификацияланган майлоочу майларды, гидравликалык суюктуктарды жана башка майлоочу материалдарды, көрсөтүлгөн товарлар мотор отуну катары колдонууга арналбаган шартта.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-августундагы № 531, 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 615 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу, Бажы бирлигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык белгиленген транспорт каражаттарынын штаттык май куюучу бактарындагы мунай продуктуларына жайылтылбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Премьер-министр | У.А. Марипов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Мунай жана мунай продуктулары чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2026 · № 615
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-декабрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынан мунайды…Постановление · 20.12.2022 · № 708
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынан мунайды жана…Постановление · 24.07.2023 · № 368
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынын мунайды…Постановление · 07.10.2025 · № 645
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 48 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана…Постановление · 30.01.2026 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана…Постановление · 07.03.2026 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-августу № 531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана…Постановление · 08.08.2026 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-июлундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мунайды жана мунай продуктуларын ташып келүүнү жана ташып чыгууну…Постановление · 13.07.2026 · № 484
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 "Кыргыз Республикасынан мунайды…Постановление · 06.08.2024 · № 458
- КР Министрлер Кабинетинин 15.12.22 ж. №708 токтомуПостановление · 20.12.2022 · № 708
- КР Министрлер Кабинетинин 06.08.2024 ж. №458-токтомуПостановление · 06.08.2024 · № 458
- КР Министрлер Кабинетинин 07.10.2025-жылдын № 645 токтомуПостановление · 07.10.2025 · № 645
- КР Министрлер Кабинетинин 07.03.2026-ж., № 159 токтомуПостановление · 07.03.2026 · № 159
- КР Министрлер Кабинетинин 08.08.2026-ж., № 531 токтомуПостановление · 08.08.2026 · № 531
- КР Министрлер Кабинетинин 13.07.2026-ж., № 484 токтомуПостановление · 13.07.2026 · № 484
- КР Министрлер Кабинетинин 14.09.2026-ж., № 615 токтомуПостановление · 14.09.2026 · № 615
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.