КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштеткен Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана экономикалык жактан дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
25-январындагы № 37 “Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандарды кошпогондо) тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 65-пункт менен толукталсын:
“
65
“БЕКПР” ЖЧК
Чүй облусу
10.51.1 10.51.9
0403200010154
Суюк сүт жана каймак чыгаруу Сырларды жана башка сүт жана уютулган сүт азыктарын өндүрүү
”.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү…Постановление · 25.01.2013 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон