Министрлер Кабинетинин №511 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомунун Уставында:
– 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“37. Фонд ушул Уставдын талаптарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу эрежелерин бекитүүгө укуктуу.
Фонд Фонддун Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде эл аралык сатып алууларды жүргүзө алат.”;
– 43, 44-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43. Уставдык капитал Фонддун акцияларынын жалпы номиналдык наркына барабар жана 1 001 000 000 (бир миллиард бир миллион) сомду түзөт.
44. Фонддун уставдык капиталы 10 010 000 (он миллион он миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн, алардын ар биринин номиналдык наркы 100 (жүз) сомду түзөт.”;
– 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“51. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурдагы чыгарылышты жайгаштыруунун жыйынтыктары катталгандан кийин гана акцияларды кошумча чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Уставдык капиталдын өлчөмү кошумча акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен көбөйтүлүшү мүмкүн. Фонддун уставдык капиталын көбөйтүү же азайтуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.”;
– 72-пункттун биринчи абзацындагы “кем эмес” деген сөздөр
“көп эмес” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 91-пункттун 26-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26) Фонддун сатып алууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү;”;
– 126-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“126. Фонддун башкармасы Фонддун коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат. Фонддун жалгыз акционеринин чечими боюнча Фонддун аткаруучу органы жалгыз болушу мүмкүн. Эгерде Фонддун аткаруучу органы жалгыз болуп саналса, ага ушул главанын жоболору тиешелүү түрдө колдонулат.”;
– 127-пункттагы “Башкарма” деген сөз “Башкарма же жалгыз аткаруучу орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 135-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Эгерде Фонддун аткаруучу органы жалгыз (башкы директор) болуп саналса, башкы директор бир орун басарды дайындайт, ал башкы директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 14 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (14)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 192-б (Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча…Распоряжение · 28.05.2014 · № 192-р
- Положение О порядке распоряжения и пользования муниципальным служебным жилищным фондом города Ош (утверждено постановлением Ошского городского Кенеша депутатов за № 189 от 9…Положение · 11.09.2006 · № 189
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- «Кыргыз Республикасынын Окмоту жана Тажикстан Республикасынын Окмотунун ортосундагы Жогорку квалификациядагы илимий жана илимий- педагогикалык кадрларды даярдоо жана…Постановление · 04.11.1994 · № 812
- Постановление Правительства КР от 4 января 1997 года №7 "О заключениях на проекты законов Кыргызской Республики "О статусе судов Кыргызской Республики" и "О статусе судей в…Постановление · 04.01.1997 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Постановление Кабинета Министров РК от 14 января 1992 года №7 "О дополнении Перечня категорий работников, которым в связи с трудовыми отношениями могут быть предоставлены…Постановление · 14.01.1992 · № 7 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 9 декабря 1992 года N 607 "О жилой площади, принадлежащей домам-интернатам Министерства труда и социальной защиты Республики Кыргызстан"Постановление · 09.12.1992 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР и Совета судей КР от 10 сентября 1998 года N 592 "О ходе выполнения Указа Президента Кыргызской Республики от 6 января 1997 года "О мерах по…Постановление · 10.09.1998 · № 592 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 июня 1994 года N 407 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 5 октября 1984 года N 511"Постановление · 10.06.1994 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 марта 1996 года №114 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 10 июня 1994 года N 407 "О внесении…Постановление · 18.03.1996 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 марта 2000 года №126 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 10 июня 1994 года N 407 "О внесении…Постановление · 09.03.2000 · № 126 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 24 августа 1999 года №464 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 10 июня 1994 года N 407 "О внесении…Постановление · 24.08.1999 · № 464 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 26 марта 1996 года №134 "О внесении изменений и дополнений в Перечень категорий работников, которым могут быть предоставлены служебные жилые…Постановление · 26.03.1996 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 февраля 1995 года №52 "О внесении дополнения в Перечень категорий работников, которым могут быть предоставлены служебные жилые помещения"Постановление · 20.02.1995 · № 52 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү…Постановление · 05.11.2024 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2024 · № 143