КР Министрлер Кабинетинин 17.05.25 ж.№261
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Шахимардан, Сох, Чоң-Гара, Таш-Дөбө жана Ворух анклавдарынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) өзгөчө тартиби мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекет орган тарабынан бекитилет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Тиркеме 261 т..docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2024 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 17.04.2025 · № 212 · Күчүн жоготкон