Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 3 июня 2026 года № 197 "О мерах по завершению легализации и регулированию обращения транспортных средств с иностранными регистрационными знаками"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-03.
КР Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 31-декабры ПЖ № 398
Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессинин ачыктыгын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын ак ниеттүү ээлери үчүн анын сакталышына кепилдик берүүнү камсыз кылуу, жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү легалдаштыруу боюнча чечим кабыл алуу, жеке жактар тарабынан алар колдонгон автотранспорт каражаттарын ыктыярдуу каттоо жолу менен укуктук белгисиздикти жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар жеке жактардын автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун эки айлык мөөнөттө жөнгө салсын жана тиешелүү чечим кабыл алсын;
2) чечимдин долбоору менен алты айлык мөөнөттө легалдаштыруу жол-жобосун 3 этап менен жөнгө салсын:
1-этап - укук белгилөөчү документтери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу; 2-этап - укук белгилөөчү документтери жок, талаптагыдай техникалык абалдагы автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу; 3-этап - укук белгилөөчү документтерсиз автотранспорт каражаттарынын ээлерине ээликтен ажыратууга мүмкүндүк берүү (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.);
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн иштеп чыксын жана бекитсин;
4) автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме менен чет мамлекеттердин жарандарынын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана жүрүү мөөнөттөрүн контролдоо тартибин иштеп чыксын жана колдонууга киргизсин, ошондой эле мындай автотранспорт каражаттарына ээлик кылууга укук белгилөөчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусунда чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарынын кирүүсүнө тыюу салсын;
5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин ички чек араларында жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек араларында автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды аткарууга алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусундагы чет өлкөлүк каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын табууга көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында ташылып келгендерди кошпогондо, автотранспорт каражаттарынын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыксын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 18 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (18)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 "Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу…Указ · 03.06.2026 · № 197
- Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын…Порядок · 17.05.2025 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-сентябры № 595 "Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана регион графасында “10” коду менен Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.09.2025 · № 595
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 17.05.2025 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 357 "Кыргыз Республикасына автотранспорт каражаттарынын кузовдорун ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну…Постановление · 20.05.2026 · № 357
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон…Постановление · 31.03.2025 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана…Постановление · 31.10.2025 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги № 201 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 "Кыргыз…Постановление · 14.04.2025 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 633 "Автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну…Постановление · 03.10.2025 · № 633 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 121 "Автотранспорт каражаттарынын кузовдорун Кыргыз Республикасына ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу…Постановление · 07.03.2025 · № 121 · Күчүн жоготкон
- “Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 04.06.2026
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз…Постановление · 17.04.2025 · № 212 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 31.03.25-ж., № 168 токтомуПостановление · 31.03.2025 · № 168
- КР Министрлер Кабинетинин токтому 14.04.2025-ж. № 201Постановление · 14.04.2025 · № 201
- КР Министрлер Кабинетинин токтому 17.04.2025-ж. № 212Постановление · 17.04.2025 · № 212
- КР Министрлер Кабинетинин 17.05.25 ж.№261Постановление · 17.05.2025 · № 261
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 21.07.2025 · № 435 · Күчүн жоготкон
18 ичинен 17 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.