КР Министрлер Кабинетинин 13.05.2025-ж. № 251 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана өрттөн келип чыккан материалдык зыянды азайтуу, адамдарга өрт жөнүндө өз убагында кабарлоо жана аларды ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн өрттөн коргоо максатында, “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
1-тиркемеге ылайык;
2) өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системалары менен коргоого тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, уюмдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруудан келип чыгуучу иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
29-апрелиндеги № 196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
6-мартындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 “Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
10-сентябрындагы № 509 “Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
11-июнундагы № 277 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
22-августундагы № 381 “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
15-декабрындагы № 607 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тиркеме 1 (3).docx
Тиркеме 2 (2).docx
1-тиркеме.docx
2-тиркеме.docx
3-тиркеме.docx
4-тиркеме.docx
5-тиркеме.docx
6-тиркеме.docx
7-тиркеме.docx
8-тиркеме.docx
Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча таблицага 1,2,3 тиркеме.docx
Өрткө каршы ыкмалардын минимумум.docx
Тизмеге №1-тиркеме.docx
Тизмеге №2-тиркеме.docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · ага шилтеме бергендер: 5 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (5)
- Постановление Правительства КР от 16 июня 1994 года N 418 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.06.1994 · № 418
- Постановление Совета Министров КССР от 13 февраля 1991 года №34 "О задачах по выполнению постановления Совета Министров СССР от 30 декабря 1990 года N 1391 "О мерах по реализации…Постановление · 13.02.1991 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента РК от 26 февраля 1991 года №УП-99 "О льготах и иных мерах социальной поддержки чабанов и других работников отгонного животноводства"Указ · 26.02.1991 · № 99 · Күчүн жоготкон
- Постановление Кабинета Министров РК от 19 июля 1991 года № 350 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Республики Кыргызстан в связи с принятием Закона СССР "О…Постановление · 19.07.1991 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства РК от 24 декабря 1992 года N 627 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Республики Кыргызстан в связи с принятием Закона…Постановление · 24.12.1992 · № 627
Документ шилтеме берген актылар (7)
- Өрт коопсуздугу жөнүндөЗакон · 13.12.2022 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 509 "Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 10.09.2013 · № 509
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2018 · № 381 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги №196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын…Постановление · 29.04.2011 · № 196 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү…Постановление · 15.12.2020 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы N 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги N 196 "Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн…Постановление · 06.03.2013 · № 116 · Күчүн жоготкон