КР Министрлер Кабинетинин 07.10.24 ж. №602 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, «Энергетика жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайыкКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
– 3-главада:
он сегизинчи абзацта «жана башка тиричиликтик эмес» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Башка тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВт.с үчүн 376,7 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан)жүргүзүлөт.»;
– жогоруда көрсөтүлгөн Орто мөөнөттүү тарифтик саясатына
1-тиркемеде:
9-пункттун «2024-ж.01.05.» графасында«тариф + инфляция», «инфляциянын деңгээлине» деген сөздөр тиешелүү түрдө«376,7», «18,5» деген сөздөргөалмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү…Постановление · 30.09.2021 · № 192 · Күчүн жоготкон