Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 13.06.2024 №308 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине материалдык дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
3
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
5552
974
анын ичинде:
борбордук аппараты
253
48
аймактык бөлүмдөрү
530
145
ведомстволук бөлүмдөрү
4769
781
1) 2024-жылдын 1-августунан тартып
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
5595
974
анын ичинде:
борбордук аппараты
253
48
аймактык бөлүмдөрү
530
145
ведомстволук бөлүмдөрү
4812
781
”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
“51. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.”;
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
– 12-пункттун 7-пунктчасында “кызматкерлердин эмгек акысына жана аларды” деген сөздөр “кызматкерлерди” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 25-пунктта:
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) бекитилген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык сандын чегинде ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;”;
11-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
– 1-пункт “салык кызматынын органдарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин” деген сөздөр менен толукталсын.
– 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Фонд республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 57-беренесинде каралган каражаттардын суммасынын элүү пайызына чейинки өлчөмдө түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ар айлык туруктуу жана дем берүүчү төлөмдөрдү каржылоо үчүн Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин эмгек акы төлөө фондунун 70 пайызынан ашпоого тийиш.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) Мамлекеттик салык кызматынын органдарын өнүктүрүүгө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
2) социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, салык кызматынын органдарынын кызматкерлери үчүн кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
3) Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан бекитилүүчү тартипке ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын кызматкерлерин материалдык сыйлоого жана жардам көрсөтүүгө;
4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине 2,0 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө ар айлык туруктуу негизде ар айлык төлөмдөргө;
5) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине 0,5 кызматтык маянанын өлчөмүндө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө – Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин чечимине ылайык иштин натыйжасы боюнча;
6) салык кызматынын органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына 1,5 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө;
7) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 0,5 кызматтык маянадан ашпаган өлчөмдө туруктуу негизде ар айлык төлөмдөргө;
8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 0,3 кызматтык маяна өлчөмүндө ар айлык дем берүүчү төлөмдөргө – Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин чечимине ылайык иштин натыйжасы боюнча;
9) салык органдарынын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.”;
– 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Коюлган тапшырмаларды жана функциялык милдеттерди аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик жарандык кызматчысы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкери дем берүүчү төлөмдөн ажыратылышы мүмкүн. Эмгек акыга дем берүүчү төлөмдөн ажыратууга жол берилүүчү учурлардын тизмеги Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы тарабынан бекитилет.”.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтом 2024-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана…Постановление · 25.03.2022 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык…Постановление · 11.03.2022 · № 134