Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 07.07.2023 ж. №342 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өркүндөтүү максатында,Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213, 269, 288, 375-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетитоктом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 13-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
“8. Каржылоо үлүшүнө карабастан бюджеттен каржылануучу жана/же атайын казыналык эсептерде топтолуучу каражаттары бар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, муниципалдык мекемелердин объекттери; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын, Депозиттерди коргоо фондунун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аларга бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу же менчигинде мүлкү бар объекттери, буга мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга келишим боюнча акы төлөнүүчү же акысыз пайдаланууга берилген объект же анын бөлүгү, ошондой эле эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок үчүн пайдаланылуучу объекттер кирбейт.”.
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 2-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркеме
“10-тиркеме
Пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган адистештирилген уюмдардын тизмеги
№
Уюмдардын аталышы
Идентификациялык салык номери
1
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы”коммуналдык ишканасы
00211199210036
2
“Ошгорводоканал” муниципалдык ишканасы
02201200410193
3
“Бишкектеплоэнерго” коммуналдык ишканасы
00205199410037
4
Жалалабат шаардык Мэриясынын “Жалалабатводоканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалалабат чарбалык эсептеги башкармасы”мекемеси
01107199410089
5
“Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы” мамлекеттик ишканасы
02711199010024
6
“Кыргыз энергетикалык эсеп борбору”ачык акционердик коому
01711201510101
7
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому
02512200110100
8
“Электр станциялар” ачык акционердиккоому
01810200110062
9
“Нарын суу-канал ишканасы”коммуналдык мекемеси
00106198010013
10
“Чолпон-Ата суу канал ишканасы”муниципалдык ишканасы
01208195710012
11
“Карасуу - Таза Суу” муниципалдык ишканасы
02406199910105
12
“Кемин Суу канал” муниципалдык ишканасы
00503202010234
13
“Исфана - таза суу” муниципалдык ишканасы
02009201610042
14
“Ноокат Суу-канал” чарбалык ишмердүүлүк укугуна негизделгенмуниципалдык ишканасы
02301201710160
15
Таш-Көмүр шаарынын суу менен камсыздоо боюнча “Суу чарба”чарбалык эсептеги ишканасы
01804200510207
16
“Өзгөн Таза-Суу” суу пайдалануу боюнча муниципалдык ишканасы
02702200610292
17
“Водоканал” Каракол шаардык
муниципалдык ишканасы
00109199310108
18
“Балыкчы шаардык суу түтүкчөлөр ишканасы” муниципалдык ишканасы
014101990010017
19
“Маркетинг-Сервис” жоопкерчилигичектелген коому
02702200710079
20
“Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасы
01409201510250
21
Кадамжай шаардык мэрия алдындагы “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасы
01905201510010
22
Талас шаарынын “Таза суу”муниципалдык ишканасы
00103201210115
23
“Кербен сууканал” муниципалдык ишканасы
02601201810138
24
Көк-Жангак өз алдынча чарбалык эсептеги таза суу менен камсыздоо
“Шар-Булак” участкасы
01110200010093
25
“Кызылкыя-Сууканал” муниципалдыкишканасы
00806200610045
26
Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык“Суу канал” ишканасы муниципалдык ишканасы
00101199310422
27
“Токмок Водоканал” муниципалдык ишканасы
00508199010010
28
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “Шаарсууканал” мекемеси
00304200010050
29
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасы
01510201210016
30
“Коммунальщик Айдаркен” ачык типтеги акционердик коому
00709199510011
31
“Шопоков шаардык жакшыртуукомбинаты” коммуналдык ишканасы
01110200110048
32
“ГАЗТОРГ Сервис” жоопкерчилигичектелген коому
01007201710141
33
“Бишкектеплосервис” жоопкерчилигичектелген коому
00710201910236
34
“Чакан ГЭС” ачык акционердик коому
00811200010039
35
“Нарынспецгидроэнергомонтаж” ачык акционердик коому
01312199010013
36
“Нарынгидроэнергострой” ачык акционердик коому
02003195810014
37
“Таза Энерджи” жоопкерчилигичектелген коому
02112202110234
”.
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122