КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №277 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыртарткан жарандарды жана ишкердик субъекттерди мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө”Жарлыгын ишке ашыруу, 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды жана ишкердик субъекттердимамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаевдин 2022-жылдын12-октябрындагы № 317–Б буйругуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиялардын жана ведомстволор аралык жумушчу топтордун актылары менен аныкталган жана ырасталган, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда 2022-жылдын
14–17-сентябрындагы окуялардын учурунда болгон өрттүн жана кыйроолордун кесепетинен турак жайынан айрылган Баткен облусунун жарандарынын тизмесине киргизилген, акысыз негизде турак үйлөрдү жана/же батирлерди алган жеке жактар үчүн киреше салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө;
2) Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиялардын жана ведомстволор аралык жумушчу топтордун актылары менен аныкталган жана ырасталган, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда 2022-жылдын
14–17-сентябрындагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген жарандар үчүн Баткен облусунда турак үйлөрдү жана/же батирлерди куруу менен алектенген чарбалык субъекттер үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомду ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи…Указ · 17.09.2022 · № 313