КР Өкмөтүнүн -б буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2017-жылдын 26-декабрындагы Чечимин аткаруу максатында, ошондой эле «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун ишмердигинин мындан ары да эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын аймактарындагы чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин муктаждыктарын толук камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын чегинде, Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамдын 22 жана 25 беренелерине, жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17 беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги орнотулган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуунун негизинде «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүгө 300 000 000 (үч жүз миллион) сом акча каражатты бөлүп берсин;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен макулдашылган тартипте «Гарантиялык фонд» ААКтын акциялардын кошумча 300 000 000 (үч жүз миллион) сом суммадагы эмиссиясын төлөп «Гарантиялык фонд» ААКтын эсеп счетуна которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду «Гарантиялык фонд» ААК менен биргеликте орнотулган тартипте «Гарантиялык фонд» ААКтын 300 000 000 (үч жүз миллион) сом суммасындагы 3 000 000 (үч миллион) кошумча жөнөкөй энчилүү акцияларын чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча керектүү иш-чараларды жүргүзүшсүн.
3. Бул буйрук расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап он күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Финансы жана кредиттик саясат боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.01.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон