Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 3-августундагы № 270 “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын административдик-башкаруу, чыгармачыл-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
4) телерадиоберүү системасынын кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясында, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөктүн өлчөмү 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7 040 сом өлчөмүндө;
2) чыгармачылык жана кесиптик демилгени көрсөткөндүгү, жогорку квалификациясы үчүн кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк. Көрсөтүлгөн үстөктү киргизүү менен байланышкан чыгымдар телерадиоберүү уюмдарынын кызматкерлеринин бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде төлөнөт;
3) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын ичинен төмөнкү кызматкерлердин кызматтык маяналарына төмөнкүдөй өлчөмдөрдө пайыздык үстөктөр:
– автомашиналардын айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн – кызматтык маянанын 25 пайызы;
– кароолчуларга түнкү убакта иштегендиги үчүн – сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы;
– кызматтык жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн – кызматтык маянанын 25 пайызы.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын администрациялык-башкаруучу персоналына төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
2) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 “Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
“34. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы.”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ынтымак” коомдук региондук телерадиокомпаниясынын жана гезиттердин облустук редакцияларынын, 6-тиркемеге ылайык;”;
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6) Ынтымак” коомдук региондук телерадиокомпаниясынын жана гезиттердин облустук редакцияларынын, 6-тиркемеге ылайык;”;
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо:
− 16-пунктундагы “медиаборборлордун” деген сөз “гезиттердин редакцияларынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
− жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 266 “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият, маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун 5-пункту.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу, анын ичинде белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
13. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
1-Тиркеме (Жобо).docx
2-Тиркеме.docx
3-Тиркеме.docx
4-Тиркеме.docx
5, 6 - тиркеме.docx
7- Тиркеме.docx
8-Тиркеме.docx
9-Тиркеме.docx
10-Тиркеме.docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 495
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №266 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз…Постановление · 31.05.2011 · № 266
- КР Президентинин 2022-жылдын 3-августундагы ПЖ № 270 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.08.2022 · № 270
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 30.04.2022 · № 33
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2017 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик…Постановление · 30.03.2022 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 251 · Күчүн жоготкон