Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 270 «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 3-августу ПЖ № 270 Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, мамлекеттик башка телерадиоберүү түзүмдөрүнүн өлкөнүн жарандарынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон муктаждыктарын мындан ары канааттандыруу боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 73 тескемеси менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары - УТРК) ишин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун сунуштары кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасын бириктирүү жолу менен бардык укуктарын жана милдеттерин УТРКга өткөрүү менен аларды кайра уюштурсун;
2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмүнөн УТРКнын карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- облустук телерадиокомпанияларды тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен;
- А.Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилип берилген чоң концерттик студияны;
3) төмөнкүлөр үчүн кошумча каржылоону бөлүүнү камсыз кылсын:
- УТРКнын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу;
- УТРКны өнүктүрүү;
- деталдуу техникалык аудиттин негизинде УТРКны техникалык модернизациялоо.
3. УТРКнын башкы директору:
1) УТРКнын жаңы уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;
2) техникалык модернизациялоону негиздөө үчүн техникалык аудит жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана УТРКнын башкы директору ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 5-августа № 68(3403) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери…Постановление · 27.09.2022 · № 523
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар…Постановление · 09.09.2022 · № 493
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 493 токтомуПостановление · 09.09.2022 · № 493
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы №523 токтомуПостановление · 27.09.2022 · № 523
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 30.04.2022 · № 33
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021