Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Билим берүү уюмдарынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттары ушул токтомдун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Каржылоонун ченемдик принцибине өткөрүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын административдик-чарбалык кызматкерлеринин штаттык санын түзүү окуучулардын санына, мектептердин тиби, окутуунун баскычтары, уюмдун жайгашкан жери боюнча ар бир окуучуга бюджеттик каржылоонун ченемдерине жараша эсептелип, бекитилген бюджеттин чектеринде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Каржылоонун ченемдик принцибине өткөрүлгөн жалпы билим берүү уюмдарына төмөнкүлөргө укук берилсин.
1) өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу штаттык санды өз алдынча түзүүгө;
2) жалпы билим берүү уюмдарынын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруунун жана класстарды натыйжалуу комплекттөөнүн жыйынтыгында бошотулган каражаттарды жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин эмгекке шыктандырууга багыттоого.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына эмгек акынын жалпы фондунун чегинде өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык санды өз алдынча түзүү укугу берилсин.
5. Төмөнкүлөр 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 58 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 582 “Жалпы билим берүү уюмдарынын башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 712 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 842 “Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4 (башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 842 "Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу…Постановление · 28.12.2017 · № 842
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 582 "Жалпы билим берүү уюмдарынын башталгыч класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 07.10.2014 · № 582
- Постановление Правительства КР 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 216
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 712 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 16.10.2015 · № 712
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 1995 года №404 "Об утверждении примерных типовых штатов учреждений образования"Постановление · 30.09.1995 · № 404 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 02.02.2010 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 816 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 02.12.2015 · № 816 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү…Постановление · 25.03.2015 · № 156 · Күчүн жоготкон